Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:03

Ысык-Көлдө окуучуга кол көтөргөн мугалимдин окуясы териштириле баштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Облустук Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдиргендей, 20-февралда Түп районунун тургуну милицияга арыз менен кайрылган.

Ал 2008-жылы туулган уулун мектеп директору кабинетине киргизип, кол көтөрүп, сөгүп, денесине жараат келтиргенин айткан. Арыз ээси буга байланыштуу чара көрүүнү өтүнгөн.

“Арыз каттоого алынып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Териштирүү иштеринин жүрүшүндө окуучу мектеп директорунун сабагына кечигип кирген жана сырткы кийимин чечпей телефон кармап отуруп алган. Буга ачууланып, окуучуну чаап ийгенин мектеп директору өзү айтууда”, - деп жазылган маалыматта.

Экспертизалардын жыйынтыгы менен окуяга юридикалык баа берилери да айтылды.

Кыргызстанда буга чейин да мугалим окуучуга кол көтөргөн окуялар катталган.

Январь айында “Сапат” билим берүү мекемесинин Кызыл-Кыя шаарындагы Исхак Раззаков атындагы лицейинде окуучуну сабаган деп шек саналып жаткан мугалим жумуштан алынып, милиция жүргүзгөн териштирүү учурунда мугалим дагы жети баланы токмоктогону аныкталган.(KS)

XS
SM
MD
LG