Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:22

11 журналисттин иши: сот телефондорду мыйзамсыз текшерүү боюнча арызды четке какты


Солдон оңго Актилек Капаров менен Акыл Орозбеков.
Солдон оңго Актилек Капаров менен Акыл Орозбеков.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 21-февралда “Темиров LIVE” редакциясынын мурдагы журналисти, камакта жаткан Актилек Капаров жана редакциянын азыркы кызматкери Акыл Орозбековдун арызын карап, аны канааттандыруудан баш тартты.

Бул тууралуу алардын адвокаты Самат Матцаков “Азаттыкка” билдирди:

“Капаров жана Орозбеков 1-6-февралда чөнтөк телефондору мыйзамсыз текшерилген деп ИИМге караштуу тергөө тобунун жетекчиси Кубанбек Байышовдун үстүнөн сотко арызданган. Байышов Орозбековдун телефонун ачып, текшерген. Капаров сыр сөзүн бербей, текшертпей койгон. Мындан улам алар Байышовдун аракеттерине укуктук баа берүүнү суранган. Бирок судья арызды канааттандыруудан баш тартты. Токтомду колума ала элекмин, ошондуктан эмне себептен баш тартканын анык билбейм”, - деди жактоочу.

Матцаков соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна даттануу жазыларын да кошумчалады.

16-январда таң эрте Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Темиров LIVE” медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен.

17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча Медианын” жана “ПолитКлиника” басылмасынын кармалган 11 кызматкерин 13-мартка чейин камакка алган. Кийин шаардык сот ал токтомдорду күчүндө калтырган.

Камакка алынгандар: “Темиров LIVE” редакциясынын кызматкерлери Максат Тажыбек уулу жана Акыл Орозбеков, кабарчысы Айке Бейшекеева, редакциянын мурдагы кабарчысы, “Нур пресс” медиасынын журналисти Жоодар Бузумов, “Темиров LIVE” редакциясынын, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкерлери Сапарбек Акунбеков жана Азамат Ишенбеков, аталган долбоорлордун директору, Кыргызстандан чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировдун жубайы Махабат Тажыбек кызы, “Темиров LIVE” редакциясынын мурдагы журналисти, учурда “Арча Медиада” (мурдагы Next TV медиасы) иштеген Сайпидин Султаналиев жана азыр “Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаров, “Темиров LIVE” медиасынын мурдагы кызматкери Жумабек Турдалиев жана 2022-жылы жайында “Темиров LIVE” каналынан кетип, ошол жылдын сентябрынан тартып “ПолитКлиникада” иштей баштаган Тыныстан Асыпбеков.

ИИМ “Айт Айт Десе” жана “Темиров LIVE” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү “Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар” менен иш козголгонун билдирген.

Камакка алынган журналисттер коюлган айыпты четке кагууда. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырып келет.(KS)

XS
SM
MD
LG