Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:30

Акыйкатчы абактагы бейтап курулушта иштегенин сындады


Kyrgyzstan, prison - 2022
Kyrgyzstan, prison - 2022

Акыйкатчы институтуна соттолгон жарандын жакыны кайрылып, дарыгерлердин оор жумуш жасоого тыюу салганына карабастан аны абакта кара жумушта иштетип жатышканы жөнүндө арыз менен кайрылган. Ал жаран Жаза аткаруу кызматынын №43 Кызыл-Кыя шаарындагы түрмөдө жазасын өтөп жаткан.

Омбудсмен Жамиля Жаманбаева бул арыз боюнча тийиштүү органдарга кайрылгандан кийин, соттолгон жаран оор жумуштан бошотулуп, аталган мекеменин кызматкерлерине чара көрүлдү.

Мекеменин маалыматында айтылгандай, соттолгон кишиден кургак учук дарты аныкталып, дарыгерлер өпкөсүнүн бир бөлүгүн алып салышкан. Ага оор жумуш жасоого тыюу салынганына карабай, №43 мекемеде курулуш иштерине салынган.

Жамиля Жаманбаева түрмөдөгү жарандардын майыптуулугу бар статусун алганга мүмкүнчүлүк берген документти кабыл алуу керектигин белгилейт. Акыйкатчы мындай документтин жоктугу адам укуктарын одоно бузууга алып келип жатканына көңүл бурат. (TSh)

XS
SM
MD
LG