Коргоо министрлиги жоокер Сүйүндүковдун иши боюнча комментарий берди

Тилек Сүйүндүков

Кыргызстандын Коргоо министрлиги катардагы жоокер Тилек Сүйүндүковдун апасы Майрамбүбү Абдразакованын билдирүүсүнө комментарий берди. Расмий маалыматта жоокер жаракат алган окуяга байланыштуу 2023-жылдын июнунда кылмыш иши козголуп, Аскер прокуратурасы иликтөө жүргүзгөнү, тийиштүү кызмат адамдары жумуштан алынганы белгиленген.

Бишкектин четиндеги Кой-Таш аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жүрүп ок тийген 19 жаштагы Тилек Сүйүндүковго кенемте төлөнө электиги тууралуу анын апасы Майрамбүбү Абдразакова "Азаттыкка" билдирген. Коргоо министрлиги жоокердин энеси буга чейин аларга кайрылбаганын жүйө келтирүүдө. Ошондой эле комиссия түзүлгөнү кошумчаланган.

Тилек Сүйүндүков аскердик милдетин өтөө үчүн 2022-жылдын 19-октябрында Кой-Таш аскер бөлүгүнө барган. Былтыр июнь айында ага ок тийип, эки жолу операция жасалган. Ок жоокердин өпкөсүн тешип, кабыргасын сөгүп кеткен.

Бул окуяга байланыштуу бир офицер кармалган. Бишкектин Биринчи май райондук соту У.Т. аттуу офицерди үй камагына чыгарып, Аскер прокуратурасы иликтөө иштерин жүргүзгөн.

Коргоо министрлиги Тилек Сүйүндүков курал-жаракты колдонууда коопсуздук чараларын сактабагандыгын билдирүүдө.

Аталган мекеменин 2017-жылдан 2021-жылга чейинки отчетунда, беш жыл ичинде өлкөдөгү аскер бөлүктөрүндө 62 аскер кызматкери каза тапкан, алардын 12си суицидге барганы айтылат. (SE)

Дагы караңыз

Жеке менчик медициналык мекемелер текшерилетУлуттук госпиталда сабалган медайым ооруканада жатат Алматы облусунда советтик доордон калган айыл аталыштары өзгөртүлдүИзраил койгон шарт, Газадагы оор кризис