Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:27

Улуттук госпиталда сабалган медайым ооруканада жатат


Улуттук госпиталдын палаталарынын бири. Сүрөт иллюстрация үчүн колдонулду.
Улуттук госпиталдын палаталарынын бири. Сүрөт иллюстрация үчүн колдонулду.

Бишкектеги Улуттук госпиталдын Травматология бөлүмүнүн медайымы бейтаптын тууганынан запкы көрүп, ооруканада жатат. Бул тууралуу аталган медициналык мекеменин башкы дарыгери Бакыт Төлөгөнов видеокайрылуу жасады.

Анын айтымында, 19-февралда өз милдетин аткарып жаткан медайымды бейтаптардын биринин тууганы сабаган. Төлөгөнов медайымдын боюндагы үч айлык түйүлдүк түшүп калуу коркунучуна кептелгенин белгиледи.

Башкы дарыгер догдурлар ооруп жаткандардын саламаттыгы үчүн колдон келген жардамын берүүгө даярдыгын айтып, жарандардан ак халатчандарга орой мамиле кылбоону өтүндү.

"Азаттык" азырынча окуянын чоо-жайын тактай алган жок.

Кыргызстандагы эң чоң оорукана деп эсептелген Улуттук госпитал 1200 бейтапка ылайыкталган. Ал жерде 1700 медкызматкер иштейт.

Февралдын башында Ош облустук психиатрия жана наркология борборунун дарыгерлерин бейтаптын жакындары сабаган. Ак халатчандарды урду деп айыпталган жаранды милиция кармап, кийин ал үй камагына чыккан.

Ушундай эле окуя ага чейин Бишкекте да болуп, медкызматкерлер менен бейтаптардын мамилеси талкууга түшкөн. Былтыр сентябрда Кара-Суу районунда "Тез жардамдын" догдурлары кол салууга кабылган. (SE)

XS
SM
MD
LG