Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:18

Жеке менчик медициналык мекемелер текшерилет


Кан басымды өлчөгөн медициналык аппарат. Сүрөт иллюстрация үчүн коюлду.
Кан басымды өлчөгөн медициналык аппарат. Сүрөт иллюстрация үчүн коюлду.

Кыргызстандагы жеке менчик саламаттык сактоо уюмдарынын ишмердигине аудит жүргүзүү үчүн мекемелер аралык жумушчу топ түзүлдү. Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы кол койгону 20-февралда расмий кабарланды.

Жумушчу топ өлкө аймагында текшерүү жүргүзүп, жыйынтыгында Президенттик администрацияга тиешелүү сунуштарды киргизет.

Былтыр августта Cаламаттык сактоо министрлиги жеке менчик клиникаларга жана дарыгерлерге лицензия берүүнүн жол-жобосун өзгөртүүнү сунуштаган.

2022-жылы майда министрлик лицензиялык талаптарга жооп бербеген 111 менчик медициналык мекеме жабыларын, мындан тышкары инфекциялык көзөмөл стандарттары сакталбаган 148 менчик медициналык кабинет менен клиника аныкталганын кабарлаган. (SE)

XS
SM
MD
LG