Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:15

Алматы облусунда советтик доордон калган айыл аталыштары өзгөртүлдү


Алматы облусундагы айыл. Иллюстрация
Алматы облусундагы айыл. Иллюстрация

Алматы облусунда советтик доордон калган айрым айылдардын аталыштары өзгөртүлдү. Акимдин токтому укуктук актылардын атайын сайтында жарык көрдү.

Мисалы Энергетический деген айыл өкмөтү Өтеген баатыр, Покровка айылы Кенен Азирбаев, Чапаево Байкент, Междуреченск Аксай болуп өзгөртүлдү.

Алматы облусунун жергиликтүү кеңешинин жана акимдин биргелешкен чечими 24-февралда күчүнө кирет.

Кошуна өлкөдө "идеологиялык жактан эскирген" аталыштагы калктуу пункттардын аталыштарын казакчага которуу боюнча 2022-2025-жылдарга жол картасы иштелип чыккан.

Былтыр жайында Акмоло облусундагы Державинск шаарынын акимиаты аны Кенесары деп өзгөртүү процедурасын токтотуу тууралуу билдирген.

"Азаттыктын" казак кызматы калаа аталышын алмаштыруу чечими жергиликтүү тургундарды эки лагерге бөлүп койгонун жазган.

Орусия Украинага басып киргенден бери Казакстанда СССРге же Орусияга байланышкан топонимдерди казакчалоо тууралуу маалыматтарга көбүрөөк көңүл бурулуп келет. Көп учурда алар талаш-тартыш менен коштолот.

Алсак, быйыл жыл башында орусиялык теле алып баруучу, "Газпром-медиа" мамлекеттик медиа холдингдин башкы директору Тина Канделаки темир жол станцияларынын аттарын орусчадан казакчага өзгөрткөнү үчүн Астананы катуу сындаган.

Мындан кийин ага Казакстанга кирүүгө тыюу салынган.

XS
SM
MD
LG