19-февралда Аламүдүн райондук сотунда жазуучу жана публицист Олжобай Шакирдин (Олжобай Эгембердиев) иши боюнча соттук отурум болбой калды.
Бул тууралуу “Азаттыкка” анын адвокаты Бакытбек Автандил уулу билдирип, кийинки жараян 26-февралга дайындалганын айтты. Анын сөзүнө караганда, 19-февралда автоунаа бузулуп калды деген негиз менен Олжобай Шакир сотко алынып келген эмес.
Олжобай Шакирге Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) менен иш козголуп, 2023-жылдын 23-августунда кармалган. Ошондон бери УКМКнын тергөө абагында отурат.
Былтыр 6-декабрда ага айыбы угузулган. Прокурор Олжобай Шакир интернетте адамдарды “жапырт башаламандыкка чакырган постторду бай-байма жарыялап келгенин” айтып, “булардын тизгинин кагыш керек” деген сөзү азыркы “бийликтин кадыр-баркына шек келтирген, коомдук коопсуздукка карата оор кылмыш жасаган” деп билдирген.
Жазуучу коюлган айып менен макул болгон эмес. Ал камалганга чейин президент Садыр Жапаров менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевди дебатка чакырган. 2024-жылдын 31-августунда онлайн митинг өткөрүү тууралуу демилге көтөргөн. Мындай аракети калайман башаламандык уюштурууну билдирбесин айткан.
Олжобай Шакир 2017-жылы “РухЭш” коомдук агартуу багытындагы сайтын негиздеген. (BTo)
Дагы караңыз
Булак: Навальныйдын денесинде көгөргөн жерлери барБУУнун Эл аралык соту Израилдин палестин аймактарындагы аракеттери боюнча арызды карайт Иранда дарыгерлер арасында суицид көбөйгөнү кабарландыТүркмөнстанда сүннөттөн кийин чарчап калган бала боюнча териштирүү жүрүүдөКазакстан Өзбекстан менен товар жүгүртүүсүн 10 млрд долларга жеткирүүнү көздөөдө