Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:24

Түркмөнстанда сүннөттөн кийин чарчап калган бала боюнча териштирүү жүрүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Түркмөнстанда cүннөткө отургузулгандан кийин чарчап калган беш жашар бала боюнча териштирүү жүрүп жатканын бүгүн 19-февралда “Азаттык” радиосунун түркмөн кызматы билдирди. Окуя Балкан велаятындагы Гызыларбад аймагында ушул айдын башында болгону, азыр соттук териштирүү жүрүп жатканы кабарланды.

Парав фермердик бирикмесинин райондук ооруканасынын дарыгери сасык тумоолоп жаткан балага сүннөт ырымын үйүнө барып жасаганы, кесилген жердин каны токтобой, наристе ооруканага жетпей чарчап калганы маалымдалды.

Бул окуядан кийин жергиликтүү бийлик сүннөткө үйдөн отургузууга жол бербөө чараларын күчөттү, дарыгерлерден андай ишке барбоо тууралуу тилкат алып, эгер убадасын бузса кылмыш жообуна тартыларын эскертип жатышат.

Медицина кызматкерлеринин айтымында, азыр сысык тумоологон 3-5 жашар балдар көп катталууда, айрымдарынын абалы оорлоп, пневмония болгондор, чарчап калгандар да бар. Бала сүннөткө толук айыккандан кийин гана үй шартында эмес, медицинаылк жайда отургузулушу шарт экени эскертилүүдө.

Түркмөнстанда адатта балдарды үч, беш жана жети жаш курагында жазында же күзүндө сүннөткө отургузушат. Медициналык жайда мындай кызмат кымбатыраак болгондуктан көпчүлүк ата-энелер үй шартында жасатууга аракет кылышат. Ооруканада расмий баа 50 манат болгону менен дарыгердин колуна 2300 манат карматуу зарыл экени айтылууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG