Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:32

Иранда дарыгерлер арасында суицид көбөйгөнү кабарланды


Иран. Иллюстрациялык сүрөт.
Иран. Иллюстрациялык сүрөт.

Иранда медициналык окуу жайларда билим алган студенттер, ординаторлор арасында суицид көбөйгөнүн, бийлик мунун себебин териштирүү үчүн атайын комиссия түзгөнүн бүгүн 19-февралда «Фарда» радиосу билдирди.

Ирандын психиатриялык ассоциациясынын жетекчиси Сайед Вахид Шариат журналисттерге курган маегинде соңку бир жылда 16 медициналык ординатор өз өмүрүнө кол салганы аныкталганын айтып берген.

Мындай көрүнүш Ирандан дарыгер адистер жапырт чыгып кетип жаткан абал менен коштолуп келатканы, соңку жылдары өлкөдө курчуган экономикалык кризис, жумуш шартынын оордугу жана социалдык, саясий эркиндиктердин жоктугу негизги себептердин бири экени айтылды.

Жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын билдиришинче, 2020-жылдан бери Ирандан 16 миңдей дарыгер чыгып кетти, адистердин тартыштыгы медицина тармагындагы абалдын начарлашын шарттоодо.

Коронавирус пандемиясы учурунда да бул өлкө эң көп жабыркагандардын бири болгон – каза тапкандар 146 миң адамга жеткен. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG