Шаардык сот 24.kg агенттиги боюнча райондук соттун токтомун күчүндө калтырды

24.kg агенттигинин кеңсеси 15-январдан бери жабылып турат. Январь, 2024-жыл.

19-февралда Бишкек шаардык соту 24.kg агенттигинин апелляциялык арызын карап, райондук соттун токтомун күчүндө калтырды.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 6-февралда 24.kg агенттигинин соттон тергөөчүнүн маалымат агенттиктин кеңсесине мөөр басышын мыйзамсыз деп таап, кирип иштөөгө шарт түзүп берүү өтүнүчү менен кайрылган. Судья Миран Шерматов жана Турат Бекенов тергөөчүнүн аракеттеринде мыйзамсыз иш жок деп таап, сайттын адвокатынын өтүнүчүн четке каккан.

15-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери Бишкекте 24.kg агенттигинин кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, мөөр басып кеткен. Ошол эле күнү агенттиктин директору Асел Оторбаеваны, башкы редакторлор Махинур Ниязова менен Антон Лымарды суракка алган.

Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Согушту пропагандалоо” беренеси боюнча тергелип жатат. Атайын кызмат иш кайсы материал же маалымат боюнча ачылганын тактай элек.

Буга чейин Асел Оторбаева редакциянын кеңсесин ачып, мүлкүн камактан чыгарып, кайтарып берүү өтүнүчү менен УКМКга кайрылган. Атайын кызматтын Башкы тергөө башкармалыгы бул өтүнүчтү канааттандырган эмес. (BTo)

Дагы караңыз

Депутат Осмонов Райымбек Матраимов менен мамилеси жок экенин айттыЖапонияда Украинаны калыбына келтирүү боюнча конференция өтүп жатат Орусия Украинага чабуулун улантып, Авдеевкада фосфор снаряддарын колдонгону кабарландыПрезиденттик администрация иш кагаздарынын 53% кыргыз тилинде жүргүзөт Ташиев Бишкекте жаңы стадион эки жылда курулуп бүтөрүн айттыОшто "Яндекс такси" кызматына нааразы болгондор акцияга чыгышты