Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:38

Жапонияда Украинаны калыбына келтирүү боюнча конференция өтүп жатат


Денис Шмыгаль. Архивдик сүрөт.
Денис Шмыгаль. Архивдик сүрөт.

Жапонияда бүгүн 19-февралда Украинаны калыбына келтирүү маселесине арналган эки тараптуу конференция өтүп жатат. Иш-чаранын ачылышында жапон өкмөтүнүн башчысы Фумио Кисида анын өлкөсү Украинаны согуштан кийинки калыбына келтирүү жараянына узак мөөнөттүү негизде катышарын айтып, муну коопсуз келечекке инвестиция деп атады.

Кисида Жапониянын Украина менен мамлекеттик жана жеке кызматташтыгы инклюзивдүүлүккө, гуманизмге, технологияларга жана билимге негизделерин айтты.

100гө жакын адамдан турган делегацияны баштап барган украин премьер-министри Денис Шмыгаль “бүгүнкү күн эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын жаңы башталышы” деп атады.

Жапон жана украин өкмөттөрү бизнес өкүлдөрү менен бирге уюштурган конференцияга жалпысынан 200дөй адам катышып жатат. Арасында ишмердүүлүгү айыл чарба, маалымат технологиялары, энергетика жана башка тармактар менен байланышкан ири компаниялар бар.

Орусия Украинага толук масштабдуу согуш ачканына дээрлик эки жыл болду. Кремль муну “атайын операция” деп атап келет. Согуш башталгандан бери Украинанын бир катар аймактары талкаланды, кээ бир айыл-шаарлары тыптыйпыл болду. (RK)

XS
SM
MD
LG