Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:33

Президенттик администрация иш кагаздарынын 53% кыргыз тилинде жүргүзөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Парламенттин тармактык комитетинде Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев мамлекеттик органдардагы кыргыз тилинин колдонулушу боюнча отчет берди.

“2023-жылы Президенттик администрация иш кагаздарынын 53% кыргыз тилинде жүргүздү. Бул 2022-жылга салыштырмалуу 9% өстү. Эң көп 82% Жогорку Кеңеш, ал эми төмөнкү Коргоо министрлигинде 2% төмөндөө болуп, өсүш болбой жатат. Бул министрликтин иштөөдөгү өзгөчөлүгү болууда”, - деди Осмоналиев.

2023-жылдын 18-январда “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик тил жана тил саясатынын маселелери жөнүндө” токтом кабыл алынган.

Былтыр 17-июлда президент Садыр Жапаров “Мамлекеттик тил жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол койгон. Ага ылайык мамлекеттик мекемелерде иш кагаздар милдеттүү түрдө кыргыз тилинде жүргүзүлүүгө тийиш. Эл алдындагы расмий иш-чаралар да мамлекеттик тилде өткөрүлөт. (TSh)

XS
SM
MD
LG