Алматыдагы сот каракалпак активисти Акылбек Муратбай 40 күнгө камоо чечимин 17-февралдын кечинде чыгарганын “Власть” басылмасы анын жакынына таянып жазды. Фариза Нарбекованын айтымында сотко адвокат катышкан эмес. Жума башында активист Өзбекстандын өтүнүчү менен Алматыда камалганы кабарланган.
Муратбай Өзбекстандын жараны. Ал он жылдан ашуун Казакстанда жашап расмий Ташкентти сындап келген.
Полиция департаменти буга чейин өлкөнүн Башкы прокуратурасы аны Өзбекстанга экстрадициялоо маселесин карап жатканын билдирген.
15-февралдын кечинде Акылбек Муратбай X социалдык түйүнүндөгү баракчасына анын үйүнө күч кызматкерлери келгенин жазган, кийин активистти кармап ктеишкени белгилүү болгон.
Баш кеңсеси Австрияда жайгашкан Freedom for Eurasia («Евразия үчүн эркиндик») эл аралык укук коргоо уюму Казакстандын бийлигине кайрылып, Акылбек Муратбайды бошотууга чакырды.
Укук коргоочулардын айтымында, активистке Өзбекстанда коомдук коопсуздукка жана тартипке коркунуч келтирүүчү материалдарды даярдоого, жайылтууга жана өлкөнүн конституциялык түзүлүшүнө кол салуу деген мүнөздөгү айыптар тагылууда.
Акылбек Муратбай Алматыдагы каракалпак диаспорасынын башчыларынын бири катары белгилүү, ал каракалпак активисттеринин укугун коргоо менен алектенип келет.
Өзбекстанда 2022-жылы Конституцияны өзгөртүү демилгеси көтөрүлүп, Каракалпакстан автоном республикасында нааразылык чыккан. 1-2-июлдагы борбор калаа Нукустагы митингдер күч менен басылганда кан төгүлгөн. Өзбек бийлиги 21 адам каза тапканын, 243 адам жараат алганын кабарлаган. 500дөн ашуун адам кармалган. Президент Шавкат Мирзиёев Каракалпакстанга барып, Баш мыйзамдагы бул республикага таандык мурдагы беренелер өзгөртүүсүз калтырыларын айткан. Каракалпакстан окуялары боюнча соттук териштирүү уланууда.
2022-жылдын күзүндө Human Rights Watch уюму Нукус окуясын чагылдырган, анда камалгандардын таламын талашкан көптөгөн активисттер мекениндеги куугунтуктан качып, Казакстанда жана Европада башпаанек сурашканын билдирген. Уюм Астананы Казакстанда кармалган каракалпак активисттерин Өзбекстанга өткөрүп бербөөгө үндөгөн, алар мекенинде куугунтукка жана кыйноого кабыларын эскерткен.
Дагы караңыз
Булак: Навальныйдын денесинде көгөргөн жерлери барОрусияда Навальныйды эскерүүгө чыккандар жапырт кармалуудаНетаньяху: Израил Рафахтагы операциядан баш тартпайт