Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:01

Нетаньяху: Израил Рафахтагы операциядан баш тартпайт


Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху.
Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху.

Израил Газа тилкесинин түштүгүндөгү Рафах шаарында ХАМАС (АКШ менен Евробиримдик террордук деп тааныган) уюмуна каршы жердеги аскердик операция жүргүзүүдөн баш тартпайт. Бул тууралуу Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху 17-февралда билдирди.

“Биздин Рафахтагы операциябызга тоскоолдук жаратууну көздөгөндөр “согушта утулгула” дегендер”,-деди ал.

Нитаньяху кошумчалагандай, операция карапайым тургундар коопсуз жайларга чыгып кеткенден кийин башталат. Ал ошондой эле Египет жана Катардын ортомчулугу менен уюштурулган сүйлөшүүлөрдө прогресс жок экенин белгилеп өттү.

Рафахта учурда 1,3 миллиондой адам баш калкалап жатат. Алардын көбү Газанын ар кайсы аймактарынан Израилдин бомбалоосунан жан сактоого аргасыз болуп Рафахка келген ички качкындар. Бир катар лидерлер, анын ичинде АКШнын жана Британиянын бийлик өкүлдөрү Рафахтагы карапайым тургундардын тагдырына тынчсыздануусун билдирип, Израил бийлигине аларды ойлоону эскертишкен.

Былтыр 7-октябрда ХАМАС тобу Газа секторунан Израилдин аймагына кол салып, 1200дөй адамды өлтүргөн, дагы жүздөгөн адамды барымтага алып кеткен, алардын жарымына жакыны бошотула элек. Жөөт армиясы бул үчүн Газага кирип, аскердик операциясын баштаган. Сектордун ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси бүгүнкү күнгө карата ал жакта 28 миңдей жай тургундун өмүрү кыйылганын кабарланууда.

XS
SM
MD
LG