Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:01

Орусияда Навальныйды эскерүүгө чыккандар жапырт кармалууда


Санкт-Петербургда Алексей Навальныйды эскерүүгө чыккандарды камоо.
Санкт-Петербургда Алексей Навальныйды эскерүүгө чыккандарды камоо.

Абакта белгисиз жагдайда каза тапкан оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды эскерүү акциясына чыгып, кармалгандарга карата камакка алуу санкциялары башталды.

"Свобода" радиосунун маалыматы боюнча, Орусияда 16-17-февралда Алексей Навальныйды эскерүүгө чыгып кармалгандардын жалпы саны 350дөн ашты.

Ал эми "ОВД-Инфонун" билдиргенине караганда, Санкт-Петербург шаарында 110дой адам, ал эми Москвада эки күндүн ичинде 40тан ашуун киши кармалган.

Москвада полиция Академик Сахаров проспектиси менен Садовой айланпасынын кесилишиндеги "Аза күтүү дубалы" эстелигинен акцияга чыккандарды сүрүп чыгарды. "Sota" телеграм каналынын маалыматы боюнча, полиция ким ураан чакырса, ошолорду кармоого көрсөтмө алган.

Ишембиде Навальныйды эскерген дагы бир топ "Музеон" паркындагы репрессияга кабылгандардын эстелигинин жанына чогулушту. Алгач жарандар гүл көтөрүп келе баштаган, кийин пайда болгон полиция кызматкерлери коюлган гүлдөрдү чогултуп, карга ыргытышканы кабарланды.

Санкт-Петербургда Навальныйды Соловецкий ташынын жанында аза күтүп, эскеришмек. Ага Апостолдук православ чиркөөсүнүн архиепископу Григорий Михнов-Вайтенко катышары айтылган, бирок, аны үйүнөн чыгарбай полиция кармап кеткени белгилүү болду. Ага эмне айып тагылып жатканы азырынча белгисиз. Аза күтүү архиепископсуз өттү. Михнов-Вайтенко сотко чейин полиция бөлүмүндө калышы ыктымал, процесстин өзү болсо дүйшөмбү күнү болмокчу. Эскерүү маалында полиция Соловецк ташынын жанындагы аянтты элден тазалап, акциянын катышуучуларын кармап кеткен.

Ал арада Навальныйды эскерүү акциясына чыгып кармалгандарга судьялар ар кандай беренелер боюнча камоолорду дайындай баштады. Москванын Тверь райондук соту 15-февралда "Аза күтүү дубалынан" кармалган үч жаранды 16 суткага камады. "ОВД-Инфо" билдиргендей, алар "полиция кызматкерлерине баш ийбөө" беренеси боюнча айыпталды.

Мындан тышкары, акцияга катышуу эрежелерин бузуу беренеси боюнча кармалгандардын бирине 40 сааттык милдеттүү жумуш, калган экөөнө 20 миң рубль айып пул салынды.

Санкт – Петербургда сот эки адамды беш суткага, бир адамды үч суткага камакка алды, деп билдирет "Фонтанка".

Краснодарда активист Андрей Вязовду сот ишемби күнү Навальныйды эскерген пикети үчүн 14 суткага камады. Бул тууралуу "Дождь" билдирди. Вязов 16-февралда Чистяковский аянтындагы мемориалга "Навальный" деген плакат көтөрүп чыккан. Бийлик андан экстремисттик уюмдун символикасын көрдү.

"Вёрстка" басылмасынын жана Svodka телеграм-каналынын маалыматы боюнча, Навальныйды эскерип Орусиянын 140тай шаарларында акция өттү. "Вёрстка" алардын интерактивдүү картасын жарыялады.

Сыктывкарда репрессия курмандыктарынын эстелигине гүл коюп жаткан жеринен жарандык активист Татьяна Иванова кармалды. Полиция ал издөөдө жүргөн кылмышкерге окшоштугунан улам кармалганын билдирди.

Архангельск шаарында Соловецк тактасынын жанынан Навальныйды жоктоп гүл көтөрүп келген жергиликтүү тургун кармалды.

Смоленск шаарында да каза болгон оппозиция лидерин эскеришти.

Екатеринбургда Навальныйга арналып граффити тартылды. Саясий репрессиянын курмандыктарынын мемориалынын жанына гүлдөр коюлду.

Ишембиде Навальныйды эскерүү иш-чаралары дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө, анын ичинде, Бишкекте да өттү.

"Вёрстканын" маалыматы боюнча, Алексей Навальный Орусиядан тышкары кеминде 68 шаарда эскерилди.

Өзбекстандын борбору Ташкентте ишемби күнү эртең менен айрым активисттер репрессия курмандыктарын эскерүү музейинин жанына гүл коюшту. Ал жерге чогулгандарга милиция гүлдөрдү калтырып кетүүгө уруксат берген, бирок, кийин элди таратып, гүлдөрдү алып салышкан. Кийин музей курчоого алынган.

Стамбулда полиция чогулгандарга Орусиянын консулдугунун алдында акция өткөрүүгө уруксат берген эмес, төрт адам бир азга кармалып, кайра бошотулган.

16-февралда Алексей Навальныйдын жабык мекемеде каза тапканы маалым болгон. 47 жаштагы оппозиционер 2021-жылдын январь айынан бери камакта отурган. Акыркы күндөрү ал Салехард шаарындагы колонияда болгон.

Дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринин лидерлери жоопкерчиликти орус бийлигине жана президент Владимир Путиндин жеке өзүнө жүктөп жатышат. "Чоң жетиге" кирген алдыңкы өлкөлөр Москваны саясатчынын өлүмүнүн себептерин кылдат иликтөөгө жана коомчулукка жарыялоого чакырды.

XS
SM
MD
LG