Кыргызгидромет маалымдагандай, 19-февралда түнкүсүн Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Жолдор тоңголок тартып, тайгак болуп, кар күрткүсү түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -12...-17 градус, күндүз -3...-8 градус суук.
Талас облусунда түнкүсүн -13...-18, күндүз -5...-10.
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2...-7 болсо, күндүз -2 ... +3 градус.
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -7...-12 суук, күндүз -3 ... +2.
Чолпон-Атада мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -7...-9, күндүз максималдуу температурасы -1...+1... болмокчу.
Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -10...-15, күнү 0...-5. Ушул эле Нарындын бийик тоолуу жерлеринде түнкүсүн -15…-20, күндүз -9... -14 градус суук.
Суусамыр өрөөнүндө сууктун күчү түнкүсүн -15…-20 градус, күндүз -3…-8 болот.
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын жааш ыктымалдыгы аз. Күндүз мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү температурасы -12…-14 градус, күндүз -4…-6 суук.
Мындай суук аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.
Дагы караңыз
Өткөн жылы Евразия экономикалык биримдигинде баалар өстүЧаткалда кар күрткүдөн улам жолоочулар станцияда түнөштү Рамзан Кадыровдун 18 жаштагы уулу министр болуп дайындалдыОрусияда Навальныйды эскерүүгө чыккандар жапырт кармалуудаWSJ: Лола Каримова-Тиллаева хансарайын 36 млн долларга саттыЫсык-Көл фондунда мамлекетке ири зыян келтирүү фактысы иликтенүүдөКара-Суудагы Калкты каттоо бөлүмүнүн кызматкери мыйзамсыз акча чогултууга шек саналууда