Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:23

Кара-Суудагы Калкты каттоо бөлүмүнүн кызматкери мыйзамсыз акча чогултууга шек саналууда


Иллюстрация үчүн колдонулган сүрөт.
Иллюстрация үчүн колдонулган сүрөт.

Калкты каттоо департаментинин Кара-Суу районундагы Жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн кызматкери мыйзамсыз акча чогултуу фактысына шек саналууда.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдиргендей, ага Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренесинин негизинде айып тагылды. Атайын кызмат шектүүнүн бир канча жарандан акча алып жаткан учуру жазылган видеокөзөмөл тасмасын жарыялады. Бул кылмышка шектүү башка кызматкерлер да аныкталып жатканы кабарланды.

Жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмү Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин курамына кирет. Аталган мекеме азырынча буга комментарий бере элек.

Transparency International эл аралык уюму январда дүйнөнүн 180 өлкөсүндөгү коррупциянын индексин жарыялаган. Анда Кыргызстан 141-орунду ээлеген. Кыргыз бийлиги былтыр ноябрда өлкөдөгү коррупциянын тамырын 90% кыркып, саясий жемкордукту жойгонун билдирген. (SE)

XS
SM
MD
LG