Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Бишкек Жылуулук электр борборундагы жарылууда жабыркаган жана тик учактын кулашынан жабыркап, Түркияда дарыланып жаткан төрт кыргызстандыктын абалы жакшыра баштаганын маалымдады.
Министрлик 15-февралда Адана мамлекеттик илимий ооруканасынын дарыгерлерине шилтеме берип, бейтаптар өздөрүн канааттандырарлык сезип калышканын маалымдады.
"Бейтаптар өзүн канааттандырарлык сезип калышты. Алардын жалпы абалы орточо деп бааланып, жакшыра баштаганы байкалууда", - деп жазылган маалыматта.
Кыргызстандын Түркиянын Анталия аймагындагы Башкы консулдугунун дипломаттары бейтаптарга тиешелүү жардам көрсөтүп, алардын жакындары жана түрк ооруканасынын дарыгерлери менен тыгыз байланышта экени кабарланды.
17-январда Бишкектеги “Фрунзе-1” авиабазасында машыгуу учурунда Ми-8МТВ аскердик тик учагы кулаган. Кырсыктан экипаждын командири, 29 жаштагы капитан Жайыл Самудинов каза тапкан. Коргоо министрлиги бортто жалпы 11 киши болгонун кабарлап, калгандары ооруканада дарыланып жатканын билдирген. Эки кишини дарылоону Түркияда улантуу чечими кабыл алынган.
2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында Бишкек ЖЭБинде жарылуу болуп, беш адам жабыркап, Бишкектеги "Тез жардам" борборуна түшкөн. Алардын экөөнүн абалы оор болгондуктан Түркияга жөнөтүлгөн.
Тик учак кырсыгында жана ЖЭБдеги аварияда жабыркаган кыргызстандык төрт бейтап 4-февралда президенттик ТУ-154 учагы менен Түркиянын Адана шаарына жеткирилген.
Адана ооруканасында дарыланып жаткан кыргызстандыктардын абалы менен Министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров Түркияга расмий сапары учурунда таанышып, алардын Кыргызстандагы үй-бүлөлөрүнө көмөктөшүүнү убада кылган.(ZKo)
Дагы караңыз
"Картөшкөнү азайтабыз". Ысык-Көлгө кызылча эгүү сунушталдыТогуз-Тородо хоккей аянтчасы ишке берилдиБиринчи Май райондук соту Кемпир-Абад иши адвокаттарсыз каралганына түшүндүрмө бердиСадыр Жапаров 20 млн долларлык мүлкүн мыйзамдаштырып, мамлекетке 1 млн сом төлөгөнүн айттыМилиция төрөттөн каза болгон келиндин өлүмү боюнча териштирүү баштадыМадумаровдун сотунда абакта жаткан саясатчы Бекназаров көрсөтмө берди