Милиция төрөттөн каза болгон келиндин өлүмү боюнча териштирүү баштады

Кыргызстандагы төрөтканалардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Жайыл райондук ички иштер бөлүмү аймактык ооруканада төрөт учурунда каза болгон аялдын өлүмүнө байланыштуу териштирүү жүргүзүүдө. Бул тууралуу маалыматты “Азаттыкка” Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы ырастады.

Факт тиешелүү формада катталып, материалдар каралууда. Кылмыш иши козголгон эмес.

Мунун алдында төрөттөн каза болгон келиндин жакындары “Азаттыкка” комментарий берип, маркумдун өлүмүнө дарыгерлердин шалаакылыгы себеп болгонун билдиришкен. Алар буга байланыштуу дарыгерлерге чара көрүп берүү өтүнүчү менен Жайыл райондук милициясына арыз жазышкан.

12-февралда Жайыл райондук аймактык ооруканасында 36 жаштагы келин төрөттөн кийин көз жумган. Саламаттык сактоо министрлиги маалыматты ырастап, окуя боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүү үчүн атайын комиссия түзүлгөнүн билдирген. Ымыркайдын абалы жакшы экенин кабарланган.

14-февралга карата министрлик Жайыл райондук аймактык ооруканасынын директору, директордун дарылоо боюнча орун басары жана башкы медайым ээлеген кызматтарынан бошотулганын маалымдаган. Ошондой эле аймактык оорукананын төрөт бөлүмүнүн башчысы окуянын чоо-жайы аныкталганга чейин кызматынан убактылуу четтетилген.

Маалыматка караганда, маркум Токтогул районунан төрөтүнө аз калганда келип, каттоого турган. Маркумдун жакындары аял дарыгерлердин шалаакылыгынан улам өлгөнүн билдирип чыгышкан.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында, Кыргызстанда 2022-жылы 41, 2023-жылы 38 аял төрөттөн каза болгон. Быйыл жыл башынан бери эле мындай төрт факты катталды. 5-февралда Бишкектеги №4 төрөт үйүндө 29 жаштагы келин кесарево операциясы учурунда каза тапкан. 14-январда Бишкек шаарындагы №2 төрөт үйүндө эгиз бала төрөгөн келин көз жумган. (ErN)

Дагы караңыз

НАТОнун коргоо министрлери Украина маселесин талкуулап жатышат АКШга союздаш үч өлкө Израилди Рафахка чабуул жасабоого чакырышты“Кемпирабадчылар” соттон президент баштаган аткаминерлерди күбө катары суроону талап кылыштыАба ырайы: кар жаап, күн кескин сууйтКыргызстанда 2022-жылы 41, былтыр 38 аял төрөттөн каза болгонТИМ Алматы базарында "кыргызстандыктарга басым болуп жатат" деген депутатка жооп берди