Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:16

АКШга союздаш үч өлкө Израилди Рафахка чабуул жасабоого чакырышты


Газа. Рафах шаары.
Газа. Рафах шаары.

Австралиянын, Канаданын жана Жаңы Зеландиянын лидерлери бүгүн 15-февралда Израилге кайрылып, Газа секторунун түштүгүндөгү Рафах шаарында жердеги масштабдуу аскердик операциясын баштабоого чакырышты.

Эл аралык коомчулуктун бул маселеге байланыштуу кооптонуусу күчөп жаткан чакта аталган үч өлкө да Израилге мындай операциянын кесепети «катастрофалык» болушу ыктымал экенин эскертишти.

Биргелешкен билдирүүсүндө алар Израилдин бир нече айдан бери уланып келе жаткан чабуулдарына байланыштуу терең тынчсыздануусун айтып, премьер-министр Биньямин Нетаньяхуну «мындай жолго түшпөөгө» үндөштү.

«Бул шаарда 1,5 миллиондой палестиналык баш калкалап турат, алардын арасында биздин жарандар жана алардын үй-бүлөлөрү бар», — деп айтылды АКШнын союздаш үч өлкөсүнүн билдирүүсүндө.

Газа секторундагы атышууну токтотуу тууралуу сүйлөшүүлөрдүн соңкусу Египеттин ортомчулугу менен бул өлкөнүн борбору Каирде өтүп жатат. Израилдин делегациясы 13-февралда ал сүйлөшүүлөрүнөн чыгып кеткенин жергиликтүү жана америкалык жалпыга маалымдоо каражаттары кабарлашты.

Анда Газадагы атышууну токтотуу, барымтадагыларды бошотуу, сектордун тынч эмес аймактарынан качып барган 1,5 миллиондой палестиналык жай тургун баш калкалап турган Рафах шаарында толук масштабдуу операциянын башталышына жол бербөө маселелери талкууланып жатат.

Египет негизги маселелер боюнча кеңешүү, сүйлөшүү дагы уланарын билдирди.

Былтыр 7-октябрда ХАМАС тобу Газа секторунан Израилдин аймагына кол салып, 1200дөй адамды өлтүргөн, дагы жүздөгөн адамды барымтага алып кеткен, алардын жарымына жакыны бошотула элек. Жөөт армиясы бул үчүн Газага кирип, аскердик операциясын баштаган. Сектордун ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси бүгүнкү күнгө карата ал жакта 28 миңдей жай тургундун өмүрү кыйылганын кабарланууда. (RK)

XS
SM
MD
LG