Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:47

Аба ырайы: кар жаап, күн кескин сууйт


16-февралда Кыргызстанда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу аймактарында кар жаайт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаайт.

Чүй, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…5, күндүз 2…7, кечкисин -1…-3;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз 1…6, кечкисин -1…-3;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 1…6, күндүз 7…12;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 2…7;

Нарын облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз -3…+2;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсун -15…-20, күндүз -5…-10 градус суук болот.

Бишкекте жаан, кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 2…4°, күндүз 3…5° жылуу, кечке жуук 0…-2° суук болот.

XS
SM
MD
LG