“Кемпирабадчылар” соттон президент баштаган аткаминерлерди күбө катары суроону талап кылышты

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып тергөө абагында жаткандар. Булардын ичинен Бектур Асанов гана тил кат менен бошотулган. Калган айыпталуучулар үй-камагында.

Кемпир-Абад иши боюнча тергөө абагында жаткан жана үй камагында жүргөн саясатчы-активисттер процессти алып барып жаткан Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыковго кайрылуу жолдоп, алардын иши боюнча билдирүү жасаган президент Садыр Жапаровду күбө катары суракка алууну талап кылышты. Айыпталгандардын бири Азимбек Бекназаровдун Фейсбуктагы баракчасына жарыяланган кайрылууга 21 адам кол койгон.

Президент Садыр Жапаров былтыр 16-декабрда экинчи Элдик курултайда сүйлөп жатып, Кемпир-Абад ишин уюштурган башчысы бар экенин, ал чет өлкөнүн элчисинен акча алганы аныкталганын билдирген жана ушундан улам сот жабык өтүп жатканын айткан.

Кийин Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандар жана алардын жактоочулары 60 томдук кылмыш ишинде президент айткан “чет өлкөлүк элчиликтен акча алды” деген маалымат жок экенин айтып, мамлекет башчыны түшүндүрмө берүүнү талап кылышкан. Садыр Жапаров быйыл 15-январда "Кабар" агенттигине маек курган маалда “кайсы бир сырткы күчтөрдөн акча алды” деп айтам деп жатып, “кайсы бир өлкөнүн элчилигинен” деп адашып айтып алганын тактаган.

“Кемпирабадчылар” ошондой эле Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиевди, Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовду, башкы прокурор Курманкул Зулушевди, вице-премьер-министр Эдил Байсаловду, ички иштер министр Уланбек Ниязбековду, президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеевди да күбө катары суроону өтүнүшкөн. Бул топтогу аткаминерлер да ар кайсы платформаларда Кемпир-Абад байланыштуу билдирүү жасаган же аны комментарийлешкен.

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, тергөө абагында отургандардын бири Равшан Жээнбеков соңку соттук отурум жөнүндө билдирүү жасап, процесс адвокаттардын катышуусуз улантылганын айыптады. Ал бул тууралуу Фейсбуктагы баракчасында жазып, сот учурунда сүйлөгөн сөзүнүн видеосун жарыялады.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта кармалгандардын ичинен 11 киши тергөө абагында калды. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларды “бийликти басып алууга аракет кылган” деп айыптоодо. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон.

Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттаган. Соттук жараяндар жабык өтүүдө. Айыпталып жаткандар отурумдарды ачык өткөрүү талабын коюп келишет. (ErN)

Дагы караңыз

Кыргызстанда 2022-жылы 41, былтыр 38 аял төрөттөн каза болгонМосква өзбекстандык журналисттин айтканына кескин реакция кылдыТИМ Алматы базарында "кыргызстандыктарга басым болуп жатат" деген депутатка жооп бердиЖалал-Абад шаардык соту блогер Али Эргешевди үй камагына чыгардыЧет жактагы мигранттардын Кыргызстанга акча которуусу азайдыЖээнбеков Кемпир-Абад иши боюнча соттук отурум адвокатсыз улантылганын айыптады