УКМК криминалдардан кысым көргөн ишкерлерди органдарга кайрылууга чакырды

УКМКнын имараты.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет менен Ички иштер министрлиги ишкерлерге криминалдык топтор кысым көрсөткөн учурлар болсо, укук коргоо органдарына кайрылууга чакырды.

Эки мекеменин биргелешкен кайрылуусун УКМКнын маалымат кызматы 15-февралда таратты. Анда ишкерлер криминалдык топтор менен мамиледе болуп, кызматташып жүрсө мыйзам чегинде жоопко тартылары эскертилген.

“Эгер кокус эле бизнесмендерден, ресторан ээлеринен, завод-фабрикалардын кожоюндарынан криминалдар “отметка” сурап келе турган болсо, анда дароо УКМКга же ИИМге кайрылгыла”, - деп айтылат кайрылууда.

"Кримтөбөл" деп таанылган Камчы Көлбаев 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн.

УКМК буга чейин 225тен ашуун мамлекеттик кызматкердин уюшкан кылмыштуу топ менен байланышы бары аныкталганын маалымдаган.

Атайын кызматтан маалыматында, Бажы кызматында 85 кызматкердин уюшкан кылмыштуу топко байланышы аныкталып, 50 чактысы иштен айдалган.

Атайын кызмат Камчы Көлбаев менен байланышта болгон 40тан ашуун адам кылмыштуу топтун мүчөсү катары кармалганын, ага тийиштүү делген жалпы наркы 1 млрд долларлык активдер камакка алынганын билдирген.

УКМК өлкөдө мындан ары криминалдык топтор болбой турганын айтып, алардан зыян тарткандарды укук коргоо органдарына кайрылууга үндөп келет.

Дагы караңыз

Жалал-Абад шаардык соту блогер Али Эргешевди үй камагына чыгардыЖээнбеков Кемпир-Абад иши боюнча соттук отурум адвокатсыз улантылганын айыптадыЧет жактагы мигранттардын Кыргызстанга акча которуусу азайдыУКМК Көлбаевдин адамдарына таандык аңчылык жайы мамлекетке өткөнүн билдирди