Кыргызстанда 2022-жылы 41, былтыр 38 аял төрөттөн каза болгон

Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында, Кыргызстанда 2022-жылы 41, 2023-жылы 38 аял төрөттөн каза болгон.

Быйыл мындай төрт факты катталды. 5-февралда Бишкектеги №4 төрөт үйүндө 29 жаштагы келин кесарево операциясы учурунда каза тапкан. 14-январда Бишкек шаарындагы №2 төрөт үйүндө эгиз бала төрөгөн келин көз жумган.

12-февралда 36 жаштагы келин Чүй облусунун Жайыл райондук аймактык ооруканасында төрөт учурунда каза болгон. Анын жакындары дарыгерлерди күнөөлөп жатат.

Саламаттык сактоо министрлиги бул окуяга байланыштуу аталган райондук оорукананын директору, анын дарылоо боюнча орун басары жана башкы медайым кызматтан бошотулганын билдирди. Аймактык оорукананын төрөт бөлүмүнүн башчысы окуянын чоо-жайы аныкталганга чейин кызматынан убактылуу четтетилди.

Economist.kg басылмасы 2021-жылы Кыргызстанда кош бойлуу 100 миң аялдын дээрлик 25и төрөттөн каза болорун кабарлаган. (BTo/KE)

Дагы караңыз

Жалал-Абад шаардык соту блогер Али Эргешевди үй камагына чыгардыЖээнбеков Кемпир-Абад иши боюнча соттук отурум адвокатсыз улантылганын айыптадыЧет жактагы мигранттардын Кыргызстанга акча которуусу азайдыУКМК Көлбаевдин адамдарына таандык аңчылык жайы мамлекетке өткөнүн билдирдиЖаңы үлгүдөгү 20, 50, 100 сомдук банкноттор жүгүртүүгө чыгарылдыТөрөбаев быйыл картөшкө ордуна кант кызылчасын айдоо сунушталарын айттыДепутат Абакиров: Сөз эркиндиги – коррупцияга каршы негизги курал Боронбаевдин ордуна келген Зулпуев парламентте ант берди