Никлассон: Борбор Азиянын Ооганстан боюнча өзгөчө ролу бар

Европа Биримдигинин Ооганстан боюнча атайын чабарманы Томас Никлассон.

Европа Биримдигинин Ооганстан боюнча атайын чабарманы Томас Никлассон Бишкектеги сапарынын алкагында “Азаттыкка” маек куруп, ооган маселесине байланыштуу Борбор Азиянын өзгөчө ролу бар экенин айтты.

Ал 14-февралда Евробиримдик менен Борбор Азиянын Ооганстан боюнча чабармандарынын Бишкектеги жыйынында ооган жергесиндеги абал жана “Талибан” өкмөтү менен региондун алака-катышы тууралуу сөз болгонун айтты.

“Бүгүн бир нече маселени уктум. Борбор Азиянын өзгөчө ролу бар экенин баарыбыз тааныйбыз. [Ооганстандагы кырдаалдын] чөлкөмгө түз таасири бар. Орток тарых, айрым учурда орток чек аралар бар. Чөлкөмдө Ооганстандын Борбор Азиядагы кызматташтыктын бир бөлүгү катары өнүксүн деген так каалоо бар. Кээде Ооганстанга карата региондун өзүнчө саясаты болушу керек деген ойлор айтылып келет. Биз мындай зарылчылык бар дегенге макулбуз. Бирок бүгүн укканымдай жана өзүм тыянак чыгарганымдай, регионалдык аракеттер жетиштүү эмес. Башка өлкөлөрдүн да колдоосу, жардамы керек. Ушул тармакта Евробиримдик салым кошо алат. Биз донор тарап гана эмес, Борбор Азиядагы беш мамлекеттин кубаттоого татырлык саясий өнөктөшү боло алабыз деген сезимде калдым”, - деди ал.

Никлассон Бишкектеги “бейформал сүйлөшүү” Ооганстандагы абалга арналган Дохадагы эл аралык конференциянын (18-19-февраль) алдында уюштурулганын баса белгилеп, Борбор Азия да, Евробиримдик да Ооганстандын “де-факто” жетекчилери утур-утур байланышып жатканын, ооган элине жардам көрсөтүү зарылдыгын, бирок айрым тоскоолдуктар бар экенин кошумчалады.

“Андай кыйынчылыктардын тизмеси көпчүлүккө белгилүү. Коопсуздукка жана экономикага байланыштуу тынчсыздануу бар. Ошол эле кезде региондогу көп өлкөлөр мүмкүнчүлүктөрдү көрүп турушат жана алар Ооганстандын Борбор Азиядагы кызматташтыктын бир бөлүгү болушун каалашат. Мындан тышкары адам укуктары жана бардык оогандыктар өз үнүн жеткире алгыдай инклюзивдүү башкаруу системасын түзүүгө байланыштуу да кабатырлануу бар. Бүгүн бул маселелердин баары сүйлөшүүлөр үстөлүнө коюлду. Мен укканымдай, бул маселелердин маанилүүлүгү боюнча орток пикир болдy”,-деди Никлассон.

Бүгүн 14-февралда Бишкекте Европа Биримдигинин жана Борбор Азия мамлекеттеринин Ооганстан боюнча атайын өкүлдөрүнүн жана чабармандарынын кезектеги, бешинчи жолугушуусу өттү. Ага Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы катчысынын атайын өкүлү жана БУУнун Ооганстанга көмөктөшүү боюнча миссиясынын башчысы Роза Отунбаева да катышты.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) маалыматына караганда, жолугушуунун катышуучулары Ооганстандагы азыркы абалды, окуяларды, Катардын борбор шаары Дохада өтө турган экинчи эл аралык жыйынга карата БУУ алкагында уюштурулуп жаткан иштердин жүрүшүн талкуулашты.

2021-жылдын 15-августунда "Талибан" Кабулда бийликти басып алган, 31-августта АКШнын аскердик күчтөрү бул өлкөдөн чыгып кеткен. Дүйнөнүн бир дагы өлкөсү талибдердин өкмөтүн расмий тааный элек. Кыргызстан "Талибан" өкмөтүн расмий тааныбай турганын, бирок Кабул менен диалогго баруу зарыл экенин билдирген.

Дагы караңыз

Бозгундагы беларус жазуучусу атасына иш козголгонун билдирдиТөрөттөн каза тапкан аялдын өлүмү: оорукана башчысы кызматтан алынды Сырский Авдеевкада абал өтө оор экенин айттыКаркыра кеткенде ыйлаган Дооронбек Садырбаев