Парламентте депутат болуп жүргөндөгү айткан сөздөрү, кайрылуулары азыркыга чейин актуалдуулугун жоготпой келүүдө. "Бийлик сырларында" аны коомдук ишмер Каныбек Иманалиев эскерет.
- Каныбек мырза, режиссер, актер Дооронбек Садырбаев 1992-1993-жылдары Орусиядан бөлүнөм деген Чеченстандын президенти Жохар Дудаев, Грузиянын улутчул президенти Гамсахурдия менен жолугуп, маек куруп, макалаларды жазган. Ошол кезде кырдаал кооптуу болуп турганына карабай Дооронбек ага кантип Кавказга барып калган? Буга эмне түрткү болгон?
- Ар бир инсан элдин эсинде калгысы келет. Бирок тарых деген өтө сараң келет, миңдин бирин тандайт. Дооронбек Садырбаев өкмөт башчы болгон эмес, министр, губернатор, аким да болгон эмес. Ал алардын баарынан алдыда туруп, элдин эсинде көбүрөөк калды. СССР кулаганда элдин эси ооп, коомдун көп тармагынын тамтыракайы чыкты. Советтик чарбага көнүп калган көп адамдар жаңы шартты өздөштүрө албай кыйналышты. Мурда саясатчы десе Компартиянын Борбордук комитетинде иштеген адамдарды түшүнүшкөн. Мына ошондой оор шартта публицистиканы жазгандар алдыңкы орунга чыкты. Дооронбек агай ошондой кыйын кырдаалда жол таап, өзүн чыныгы публицист катары көрсөтө алды. От күйгөн жерге ким биринчи барат, албетте, журналист, публицист. Доке, абал оор экенине карабай Кавказга барды. Дудаев менен Гамсахурдиядан интервью алып, Кыргызстандагы гезиттерге жарыялады. Анын кээ бир интервьюлары азыркыга чейин актуалдуу. Докем масштабы кеңири инсан болчу.
- Масштаб демекчи, Дооронбек Садырбаев кийин депутат болуп турганда НАТОго барып, олуттуу доклад жасаган деп калышат?
- 2005-жылы август айында Жогорку Кеңештин жоон топ депутаттары НАТОнун чакыруусу менен Германияга бир жумалык окууга барып калдык. Доке сабакты такыр калтырган жок, бардык өтүлгөн темаларды конспектилеп жазып жүрдү, суроолорду берет, кыскасы окууга ынтаа коюп, жигердүү катышты. Анан окуунун аягында Дооронбеек Садырбаев “Орто Азиядагы тоталитардык мамлекеттер жана демократиянын келечеги” деген темада өтө масштабдуу, мазмуну терең доклад окуган. Докем батыш саясатчыларына Орто Азиянын келечеги эки жол менен кетерин айткан: биринчиси - демократияга умтулган Кыргызстандын жолу, экинчиси - радикалдуу исламга негизделген Ооганстандын жолу. Докемдин терең дараметин ошондо байкагам.
- Каныбек мырза, Дооронбек Садырбаев 1995-жылы бийликтин каршылыгына кабылган, ага карабай Ноокенде Ош-Бишкек жолунун боюна боз үйлөрдү тигип, шайлоочулар менен жолугуп турганы чынбы?
- Бийликтин оппозицияны кысып турганы табигый көрүнүш. Мүмкүн ал убактагы бийлик өкүлдөрү депутаттыкка талапкерге жолтоо кылгандыр, андай болгон эмес деп айта албайм. Бирок, бир чындык бар. Парламентттеги Ө.Текебаев, А.Мадумаров, Б.Осмонов, Нур уулу Досбол ж.б. эң күчтүү оппозиция дал ошол Акаев бийликте турганда болгон. Ал эми Докемдин Ош-Бишкек жолуна боз үйлөрдү тигип, шайлоого катышканы - анын режиссер катары чоң жана ийгиликтүү табылгасы болгон.
- Бакиевдин бийлиги учурунда Казакстанга өтүп кеткен Каркыраны коргоп, оппозицияда жүргөн депутаттар тобу Ысык-Көлгө барганда "жумуртка чабуулуна" кабылып, ошондо аябай капа болуп, шагы сынып келгенин айтышат.
- Карапайым элдин Докеме, башка депутаттарга болгон ою, көз карашы түз эле болгон. Каркыра боюнча окуяны бийлик өзү уюштурган. Депутаттар Ысык-Көлгө барганда Дооронбек Садырбаев Балбай баатырдын күмбөзүнө барып, ыйлап куран окуп отурган кадр биздин колубузга тийген. Ал видеону атайын кызматтын балдары тартып алганын билебиз. Анда Докем “айланайын көл эне, биз сени коргойлу деп келсек, кыздарың кыздардай, келиндериң келиндей, жигиттериң жигиттей болбой калыптыр” деп нааразы болгону тартылып калган. Ушундан эле билсе болот, ал акцияны ким уюштурганын.
- Видео деп калдыңыз Дооронбек Садырбаев тарткан “Кайран эл” деген даректүү тасманы бийлик көрсөтпөй, өкмөттүн сандыгында жатканынын сыры эмнеде?
- Ал тасманын жабык бет ачары опера жана балет театрында болгон, көп киши барып көргөнбүз. Анда даректүү сюжеттер, атайын оюн катары коюлган көрүнүштөрү да бар. Дүйнөдө улуттук жана диний темалар абдан сезимтал болот. Аларга абдан аяр мамиле кылыш керек. Менимче, кинонун айрым жерлеринде улуттук сезимди козгой турган, бир улутту экинчи улутка каршы койгон эмоционалдуу сюжеттери да бар. Балким, ушундан улам ошол учурдагы бийлик кинону көрсөтпөй туруу чечимине келгендир. Ал кинонун көчүрмөсү архивде экенин айтышкан. Мүмкүн убакыт өтүп, доор өзгөргөндө тасма айрым жерлери оңдолуп, жарыкка чыгышы мүмкүн.
- Каныбек мырза, Дооронбек Садырбаевдин ооруп калышына бийликтин тиешеси, катышы бар экенин айтышат. Буга негиз барбы?
- Доке 2008-жылы капысынан кан кусуп ооруп калганда ооруканага алып барышкан. Белгилүү дарыгер Эрнис Акрамовдун колунан каза болгон. Ага чейин 2004-жылы тамакка ууланган экен. Ошондон бери ооруп жүргөн. Докемдин оорусуна ал кездеги бийликтин тиешеси же байланышы бар деп айта албайм, ага далилим да жок. 47 жыл чогуу жашаган өмүрлүк жары Сонунбүбү эже да андай шек саноону айткан эмес.
- Садырбаевдин “муну туура эмес кылыптырмын, аны туура эмес сүйлөп коюптурмун” деп өкүнүп, саясаттан кетем деген учурлары болгонбу?
- Докемдин кинодон кийинки эле жашоосу саясат болуп калган. Эгемендик жылдарында жазган докладдары, макалалары, берген интервьюлары, жазган ырлары, новеллалары – баары саясат болгон. Садырбаев Кыргызстан башынан өткөрүп жаткан процесстерди, окуяларды, кубаныч-кайгысынын баарын жүрөгү менен өткөрүп, гезитке жазып, парламентте айтып, ырга салган адам болгон. Өз элине кайдыгер карабаган кишинин саясаттан кетип калышы мүмкүн эмес болчу.
Маекти толук видеодон көрүңүз