Сербияда кен казган кытайлык компания ишин убактылуу токтотту

Кривел кыштагы. Нааразылык акциясынын катышуучусу.

Сербиянын чыгыш аймагында жез кенин иштетип келаткан кытайлык компания ишкананын жолун жергиликтүү тургундар тороп койгондуктан жумушун убактылуу токтотууга мажбур болгонун билдирди.

Zijin Copper компаниясынын 13-февралдагы маалыматына караганда, мындай чечим Кривел кыштагынын тургундары январь айынын соңунан бери жолду бөгөттөп, өндүрүшкө керектүү каражаттарды жеткирүү оорлогонуна байланыштуу кабыл алынды.

Ишкана Сербиянын мыйзамдарын сыйлай турганын, нааразылык акциясынын уюштуруучулары, жергиликтүү бийлик жана өкмөт менен диалогго даярдыгын жана маселе тынч жол менен чечилишине кызыкдар экенин кабарлады.

Zijin Copper 2018-жылы серб өкмөтүнөн Бор аймагындагы алтын жана жез тоо-кен ишканасынын үчтөн эки бөлүгүн сатып алган.

Кривел кыштагынын тургундары 29-январда кенге кетүүчү жолду бөгөттөп башташкан. Мындай кадамын кенде күчөгөн иш алардын коопсуздугуна жана өмүрүнө коркунуч жаратып жатканы менен түшүндүрүшкөн. (RK)

Дагы караңыз

Бишкекте Муниципалдык инспекция түзүлдүБоронбаевдин ордуна Саидбек Зулпуев депутаттык мандат алдыКаркыра кеткенде ыйлаган Дооронбек СадырбаевПакистан: Ханды колдогондор башкаруучу коалицияга кирбей калды