Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:59

Боронбаевдин ордуна Саидбек Зулпуев депутаттык мандат алды


Саидбек Зулпуев
Саидбек Зулпуев

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңештин “Ата Журт-Кыргызстан” фракциясындагы бошогон депутаттык орун үчүн мандатты тизмеде кезекте турган Саидбек Зулпуевге берди. 14-февралдагы отурумда мындай чечимди БШКнын мүчөлөрү бир добуштан колдоду.

Ачык булактардагы маалыматтарга ылайык, Саидбек Зулпуев Бишкек шаарында туулган. Жалал-Абад шаардык, Чүй облустук финансы башкармалыктарында жана Финансы министрлигинде иштеген. Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын директору, министрдин орун басары, Банктарды кайра уюштуруу жана карыздарды реструктуризациялоо агенттигинин, Банктарды жоюу агенттигинин башчысы болгон.

Зулпуев 2021-жылкы парламенттик шайлоодо “Ата Журт-Кыргызстан” партиясынын тизмесинде 26-катарда жарышка түшкөн.

БШК мунун алдында партиянын депутаты Абдыбахаб Боронбаевдин мандатын тапшыруу тууралуу жазган арызын карап, анын ыйгарым укуктарын токтоткон. Боронбаев эмне себептен депутаттыктан кетип жатканы белгисиз.

Мурдагы бажычы Абдывахаб Боронбаев парламенттеги бийликчил “Ата Журт-Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен шайланып, депутаттык мандатты 2022-жылы алган. Боршайкомдун жыйынында Боронбаевдин соттуулугу жок экени айтылган.

“Азаттык” радиосу жана бир нече эл аралык медианын журналисттери 2019-жылы кыргыз бажысындагы миллиондогон каражатты кымырган схемаларды аныктап чыгышкан. Иликтөөлөрдө аты аталган Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов камалып, мамлекетке 2 млрд сом төгүп, кайра бошотулган.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитет (УКМК) бажыдагы коррупция боюнча Райымбек Матраимов менен чогуу коррупциялык схема уюштурган деп 38 бажы кызматкерине кылмыш иши козголгонун билдирген.

Бажыдагы коррупция боюнча кылмыш ишинде тергөө менен кызматташууга барган Райымбек Матраимов, Түштүк-Батыш бажысынын мурдагы башчысы Нурлан Ражабалиев, Түштүк-Чыгыш бажысынын мурдагы башчысы Абдыбахаб Боронбаевдер күнөөлүү деп табылып, 260 миң сом айыпка жыгылган. Анда Нурлан Ражабалиев 12 млн. сом, Абдыбахаб Боронбаев 8 млн. сом бюджетке төккөнү маалымдалган.

Январь айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Райымбек Матраимовго издөө жарыялап, милиция кызматкерлерине ал тууралуу багыттама берген. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” беренесинин “Уюшкан топ жана кылмыштуу уюмдар тарабынан адамды күч менен кармоо, анын жүрүү эркиндигин чектөө” бөлүгү менен айып коюлган.

Ага чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Райымбек Матраимовду жана маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевди өлкөдө “мафия түзгөн” деп айыптаган.

Экс-бажычы Райымбек Матраимов жана анын жакындары акыркы окуялар тууралуу комментарий бере элек. Ал өзү каякта экени белгисиз. (ErN)

XS
SM
MD
LG