Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:20

Бишкекте Муниципалдык инспекция түзүлдү


муниципалдык инспекторлор. Бишкек. 14-февраль, 2024-жыл.
муниципалдык инспекторлор. Бишкек. 14-февраль, 2024-жыл.

Бишкек шаарында Муниципалдык инспекция түзүлгөнү тууралуу 14-февралда мэриянын коллегиялык жыйынында айтылды.

Маалыматка ылайык, Муниципалдык инспекция абанын сапатын, тазалыгын, транспорттордун экологияга тийгизген таасирин, ошондой эле жарандар тарабынан тазалыкты сактоо маселелерин көзөмөлдөө укуктарына ээ.

Муниципалдык инспекторлор абаны булгаган тараптарга, анын ичинде автоунааларга да айып пул салууга укуктуу. Мэриянын маалымдашынча, 14-февралга чейин аталган инспекция абанын булгануусу боюнча тиешелүү тараптарга 500 миң сомдук айып пул салган.

Аталган инспекцияга 11 электромобиль бөлүнүп, кызматкерлерге атайын форма берилди.

Муниципалдык инспекция ошондой эле шаардын экологиясына жана санитардык нормалардын сакталышына да көзөмөл кылат.

Бишкек шаарынын мэриясынын коллегиялык жыйынына министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышып,катализаторлору жок унаалардын экологияга зыяндуу заттарды чыгаруусуна талаптарды жана көзөмөл чаралары боюнча иштерди күчөтүүнү тапшырды.

Бишкек шаарында таза аба көйгөйү жыл өткөн сайын курчуп келет. Кышында чет-жакадагы жаңы конуштардан чыккан түтүн бүтүндөй шаарды каптап турат. Түштүк аймактарга кызуу курулуп жаткан көп кабаттуу имараттар тоо тараптан келген желдин жолун тороп, шаардын аба айлануусун бир кыйла кыйындатат.

Бишкек акыркы жылдары кышкысын дүйнөдөгү абасы эң кир шаарлардын катарынан түшпөй келе жатат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG