Бишкектеги "Ош базарынын" ичиндеги эт базардын жетекчилери кармалды

"Ош базарынын" ичиндеги эт базардын негиздөөчүсү жана директору.

Бишкек шаарындагы "Ош базарынын" аймагындагы “Акиф фирма” жоопкерчилиги чектелген коомунун эт базарында ири өлчөмдө салык төлөмдөрүн төлөөдөн качуу фактысы аныкталып, жетекчилери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди.

Маалыматта айтылгандай, фирмада кош бухгалтердик эсептер түзүлүп, соода жайларын жана орундарын ижарага берүү үчүн чогултулган каражаттар тийиштүү түрдө документтештирилбей, финансылык документтерде эсепке алынбастан төлөм жүргүзүлгөн. Ошол эле учурда базар жетекчилери күн сайын ижарачылардан 100 миң сомго жакын акча чогултуп, жеке баюу жана салык төлөөдөн качуу максатында каржылык отчеттордо алынган пайданын көлөмүн 90%га чейин кем көрсөтүп келишкен.

“Акиф фирманын” жетекчилери мындан сырткары алдамчылык аракеттери менен жабырлануучунун өзгөчө ири өлчөмдө мүлкүн тартып алганы аныкталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде аталган фирманын негиздөөчүсү (Ф.С.В.) жана башкаруучу директору (К.Н.А.) 14-февралда кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Былтыр ноябрь-декабрда Кыргызстандагы бир катар базарлардын соодагерлери патенттин жоюлуп, көзөмөл-кассалык машинелер милдеттүү түрдө киргизилип жатканын нааразылык билдирип чыккан. Мындан кийин президент Садыр Жапаров жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев “базарлардын ээлери соодагерлерге шарт түзбөсө, ижара акыларын төмөндөтпөсө, базарлар мамлекетке өткөрүлөрүн” эскертишкен.

Мунун артынан бир катар базарлардын жетекчилери кармалган. Жыл башынан бери Оштогу Кара-Суу базарынын ичиндеги базардын ээси жана Каракол шаарындагы “Бугу” жана “Макиш” соода базарынын ээси кармалды. Кармалган базар ээлеринин жана жетекчилеринин көбүнө соодагерлерден алган акчасын салык органдарына туура эмес көрсөткөн, кирешесин жашырган, салык төлөөдөн качкан деген сыяктуу айыптар тагылган. (ErN)

Дагы караңыз

Бишкекте беш автобус айдоочусу жол эрежесин бузганы үчүн жумуштан кеттиБекешев жөлөк пулга жетпеген акча банк сатып алууга кайдан табылып жатканын сурадыТаласта 132 дарыгердин орду бош туратЫсык-Көлдө тоодо калган өспүрүмдөр куткарылдыМажитова жоопкерчиликсиз мамиледен улам энелер өлүмү көбөйүп жатканын айттыДепутат Казакстанда кыргызстандык мигранттарга жасалып жаткан мамилени сындады“Чет элдик өкүл” долбоору кайра ЖК комитетине кайтарылды