Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:38

Таласта 132 дарыгердин орду бош турат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Талас облусунда 132 дарыгердин орду бош турат. Айрыкча үй-бүлөлүк дарыгерлер жетишпейт.

Бул тууралуу "Азаттыкка" Саламаттык сактоо министрлигинин Талас облусундагы координатору Нургүл Момбекова билдирди.

"Учурда жогорку билими бар дарыгерлердин 42% пенсия курагындагылар. Мындан сырткары облус боюнча, көз догдур, акушер-гинеколог, балдар дарыгерлери, үй-бүлөлүк дарыгерлер жетишпейт. Бул суроо курч маселе болуп жатат. Саламаттык сактоо министрлигинен бизге тапшырма берилген. Биздин канча студент Медициналык академияда билим алып жатканын тактап, анан жергиликтүү бийлик менен сүйлөшүү жүргүзүп жатабыз. Ал жерден кандай жардам бере алат, балким окуусун төлөп береби же кошумча төлөмдөр менен жардам береби, себеби азыркы учурда Бишкек шаарында жети жыл окуп, билим алуу оорчулук туудурууда", - деди Момбекова.

Буга чейин президенттин мурдагы Таластагы өкүлү Бакытбек Нарбеков облустагы дарыгерлердин жетишсиздигин жоюу максатында дарыгер кызга үйлөнгөн жигиттерге 50 миң сом сүйүнчү убада кылып, аны эки үй-бүлө алганы маалым болгон. Бирок мындай жөрөлгө ал кызматтын кеткенден кийин токтоп калганын облустук бийликтен билдиришти.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында өлкө боюнча 1700 дарыгер жетишпейт. Ушу тапта Кыргызстанда мамлекеттик медициналык мекемелерде иштеген жогорку билимдүү медициналык адистердин жалпы саны 13 миңдин тегерегинде. (MKt)

XS
SM
MD
LG