Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:52

Мажитова жоопкерчиликсиз мамиледен улам энелер өлүмү көбөйүп жатканын айтты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Шарапат Мажитова Кыргызстанда төрөттөн каза тапкан аялдардын саны көбөйүп жатканын белгилеп, Саламаттык сактоо министрлигинин жоопкерчилигин кароону сунуштады.

Депутат жакында эле Жайыл райондук аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмүндө каза тапкан 37 жаштагы келиндин өлүмүн мисал келтирди.

"Келиндин жакындарын киргизбей, эч кандай маалымат бербей, бир күн кармашыптыр. Тогуз баланын энеси экен, тогуз бала чыркырап калды. Бул окуя эле эмес, өткөн айда Бишкекте эгиз бала төрөгөн келин төрөттөн көз жумган. Ансыз деле Кыргызстан энелердин өлүмү боюнча кыйла алдыда турат. Бул жерде Саламаттык сактоо министрлигинин жоопкерчиликсиз мамилеси болуп жатат", - деди Шарапат Мажитова.

12-февралда Чүй облусунун Жайыл райондук аймактык ооруканасынын төрөт үйүндө 36 жаштагы келин төрөттөн кийин көз жумганы кабарланган. Саламаттык сактоо министрлиги окуя боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүү үчүн атайын комиссия түзүлгөнүн билдирген.

5-февралда Бишкектеги №4 төрөт үйүндө 29 жаштагы келин кесарево операциясы учурунда каза тапкан. 14-январда Бишкек шаарындагы №2 төрөт үйүндө эгиз бала төрөгөн келин көз жумган.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында, Кыргызстанда 2023-жылдын 9 айында 27 аял, 2022-жылы тогуз айда 34 аял төрөттөн каза тапкан.

Economist.kg басылмасы 2021-жылы Кыргызстанда кош бойлуу 100 миң аялдын дээрлик 25и төрөттөн каза болору тууралуу маалымат жарыялаган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG