Бекешев жөлөк пулга жетпеген акча банк сатып алууга кайдан табылып жатканын сурады

Керемет банк

Жогорку Кеңеш 14-февралдагы жалпы отурумунда "Керемет банкты" (мурдагы "Росинбанк") Улуттук банктан Министрлер кабинетине сатуу жөнүндөгү мыйзам долбоорун карады.

Депутат Дастан Бекешев "Керемет банкты" сатып алууга өкмөт каражатты кайдан тапканына кызыкты.

"Социалдык курч маселелерге, көйгөйлөргө Финансы министрлиги дайыма "казынада акча жок" деп жооп берет. 1 млн, 10 млн, 20 млн сом казынада жок болсо, 7 млрд сом кайдан табылды? Элдин эсебинен кимдир бирөөлөрдүн акча жегенин жапканды токтотсок", - деген эл өкүлү кесиптештерин мыйзам долбоорун колдобоого чакырды.

Депутат Чыңгыз Айдарбеков "Керемет банкты" өкмөткө эмес, менчикке сатууну сунуштады.

Финансы министринин орун басары Үмүтжан Аманбаев банкты сатып алууга мамлекеттик бюджетте акча каралбаганын белгилеп, бирок ички булактардан изделип жатканын билдирди.

Талкуунун аягында парламент 71 добуш менен "Керемет банкты" сатып алууга макулдугун берди.

Мыйзам долбооруна ылайык, Министрлер кабинетинин атынан Финансы министрлиги "Керемет банктын" 97,45% акциясын Улуттук банктан 7 млрд 126 млн 432 миң сомго сатып алат.

Улуттук банктын жетекчисинин маалыматында, "Керемет Банк" 2020-жылды 1 миллиард сом чыгаша менен аяктаган. 2021-жылды чыгашасыз жыйынтыктаган. 2022-жылы 360 миллион сом, ал эми 2023-жылы болжол менен 960 миллион сом киреше тапкан.

"Керемет Банк" - өлкөдөгү мамлекеттин үлүшү бар банктардын бири. 2010-жылга чейин мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жакындарынын тиешеси болгон “Азия Универсал Банктын” активдеринин негизинде "Залкар Банк" түзүлгөн. 2013-жылы бул банктын акциялары орусиялык ишкерлерге сатылып, аталышы "Росинбанк" деп өзгөртүлгөн.

2019-жылы "Росинбанктын" акцияларына Улуттук банк ээлик кылып, “Керемет Банк” деген аталыш ыйгарылган.(ZKo)

Дагы караңыз

Ысык-Көлдө тоодо калган өспүрүмдөр куткарылдыОрусия миңдеген непалдыкты согушка салганбы? Мажитова жоопкерчиликсиз мамиледен улам энелер өлүмү көбөйүп жатканын айтты“Чет элдик өкүл” долбоору кайра ЖК комитетине кайтарылдыКанада Орусияга 98 жаштагы эски ЭсЭсчи Ярослав Гуньканы берүүдөн баш тартты