Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:34

Канада Орусияга 98 жаштагы эски ЭсЭсчи Ярослав Гуньканы берүүдөн баш тартты


Ярослав Гунька
Ярослав Гунька

Канаданын бийлиги Орусияга геноцидге айыпталган 98 жаштагы ЭсЭстин ардагери Ярослав Гуньканы берүүдөн баш тартты. Оттава мындай чечимин эки өлкө ортосунда экстрадиция келишими жоктугуна байланыштырды. Бул тууралуу Орусиянын Канададагы элчиси Олег Степанов билдирип, Оттаванын чечимин саясий мүнөздө деп баалады жана Гуньканы алуу аракетин "принципиалдуу" түрдө улантарын кошумчалады.

Орусиянын Тергөө комитети Гуньканы 1944-жылы азыркы Украинанын аймагындагы Гута Пеняцкая кыштагынын элин кырууга айыптаган.

Гунька тууралуу маалымат былтыр сентябрда чыккан. Украин президенти Владимир Зеленскийдин сапары учурунда Гунька Канада парламентине "украин элинин көз карандысыздыгы үчүн күрөшкөн" баатыр катары тааныштырылган. Жамааттар палатасынын спикери Энтони Рота аны Экинчи дүйнөлүк согушта "Орусиянын баскынчылыгынан Украинаны коргогон баатыр" деп атаган.

Көп өтпөй Польшада туулган украин 14-ыктыярдуу жөө аскерлердин "Галичина" дивизиясынын ардагери экени аныкталган. Бир катар укук коргоочу жана еврей уюмдары канада парламентинин спикери Ротаны айыпташкан. Мындан улам өлкөнүн премьер-министри кечирим сурап, Рота спикерликтен кеткен.

Гуньканы өткөрүп берүүнү Орусиядан тышкары Польша да талап кылууда. Варшава "Галичина" дивизиясын көп адамдарды, анын ичинде Тернопол облусундагы Великий Ходачков кыштагынын жүздөгөн тургунун кырган деп айыптап келет. Азырынча Польшанын талабынын жообу белгисиз. Бул талап Польшада өткөн парламенттик шайлоо алдында коюлган, андан кийин өкмөт алмашып кеткен.

XS
SM
MD
LG