Депутат Казакстанда кыргызстандык мигранттарга жасалып жаткан мамилени сындады

Алматыда кармалып, камалган кыргызстандык ишкер Эрмек Маркабаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев Казакстанда кыргызстандык мигранттарга жана ишкерлерге кысым болуп жатканына даттанган кайрылуулар түшүп жатканын билдирди.

Депутат бул тууралуу 14-февралда парламент отурумунда айтып, Тышкы иштер министрлигинен түшүндүрмө талап кылды.

"Жакында эле кыргызстандык ишкер Эрмек Маркабаевди камап коюшту эле. Эми ага каршы көрсөтмө бересиңер деп базардагы кыргызстандык соодагерлерге басым болуп жатыптыр. Казакстанда биздин ишкерлерге, мигранттарга жасалып жаткан мамиле боюнча сүйлөшүү болобу? Алардын өкмөт башчысы бизге келди, биздин Министрлер кабинетинин төрагасы ал жакка барды. Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгү таанылбайт деп кыйнап жатышканы тууралуу да айтылууда", - деди Жанарбек Акаев.

Алматыдагы ири базарлардын бири "Алтын Ордонун" аткаруучу директору Эрмек Маркабаевди казак полициясы былтыр 2-июнда кармап кеткен, ошондон бери ал Алматынын тергөө абагында отурат.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кыргыз жарандары өзүнүн айдоочулук күбөлүктөрүнө байланыштуу Казакстандын аймагында тоскоолдуктарга кабылып жаткан учурлар катталганын ырастап, бирок коңшу өлкөдө ага тыюу салынганын төгүндөгөн маалыматын 8-февралда жарыялаган.

“Казакстандын аймактык административдик полициясынын (автомобиль инспекциясынын) кызматкерлери эл аралык мыйзамдардын жоболорун сактабаган фактылар байкалып жатканы" такталганын, Казакстандын кээ бир полиция кызматкерлери кыргызстандыктарды “ички мыйзамдардын жоболоруна ылайык айдоочулук күбөлүктү казак үлгүсүнө алмаштырууну сунуш кылышкан” учурлар болгонун кабарлаган.

Кыргызстандын ТИМи буга байланыштуу расмий Астанага кайрылып, Казакстандын Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине казак жергесинде Кыргыз Республикасынын айдоочулук күбөлүктөрүнүн жарактуулугу тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү өтүнгөн. Казак тарап бул боюнча зарыл болгон жумуштар алып барыларын убада кылган.(ZKo)

Дагы караңыз

Канада Орусияга 98 жаштагы эски ЭсЭсчи Ярослав Гуньканы берүүдөн баш тарттыКыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында жаңы бекет ачылатСегиз эл аралык уюм Брюсселди Кыргызстандын жарандык коомун "репрессиялык" мыйзамдан коргоого үндөдүАКШ Сенаты Украинага жардам камтылган мыйзам долбоорун жактырды