Сегиз эл аралык укук коргоо уюмунун коалициясы бүгүн 13-февралда Европа Биримдигине ачык кат жолдоп, Кыргызстанда да Орусияда демилгеленген «чет элдик өкүл» мыйзамынын кабыл алуу ыктымалдыгы жакындагандыктан Кыргызстандын жарандык коому "болуп көрбөгөндөй коркунучка кептелгенин" билдирди.
Мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште 14-февралда экинчи окууда каралганы жатканын белгилеген коалиция Евробиримдиктин кызматкерлерин, мекемелерин жана мүчө өлкөлөрүн Кыргызстандын жарандык коомун коргоо үчүн жана бул өлкөнүн Орусия сымал бейөкмөт уюмдарды жапырт жаманатты кылган, коркуткан жана үнүн басып койгон репрессиялуу кооптуу жолго түшүүсүнө жол бербөө үчүн чечкиндүү чараларды көрүүгө чакырды.
Биргелешкен катка «Жарандык укуктардын коргоочулары», Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк (IPHR), Норвегия-Хельсинки комитети, People in Need, Адам укуктары боюнча Хельсинки фонду, Адам укуктары боюнча эл аралык федерация (FIDH), Кыйноолорго каршы эл аралык уюм жана Укук коргоочуларды коргоо обсерваториясы уюмдары кол коюшту.
Мыйзам кабыл алынса Кыргызстандагы адам укуктарына, сөз эркиндигине жана башка коммерциялык эмес топторго «катастрофалык кесепет» алып келерин белгилеген уюмдар жооп катары GSP+ схемасы алкагында соода-сатык жүргүзүүдөгү жеңилдиктерди токтотууга, Евробиримдик – Кыргызстан келишимине кол койбой коё турууга жана башка чараларды көрүүгө үндөштү.
“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамына жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору коомчулукта “чет элдик өкүл” деген атка конгон.
Аны Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова жазган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Бирок кийин алардын жарымынан көбү авторлуктан баш тартып койгон.
Нарматова "бейөкмөт уюмдардын ишине тыюу салган, сөз эркиндигине шек келтирген, демократияга каршы багытталган эч нерсе жок" экенин айткан.
Көз каранды эмес талдоочулар бул мыйзам Орусиянын “чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамынан көчүрүлүп алынганын белгилешкен.
Эл аралык уюмдардан каржылануучу бейөкмөт уюмдарды расмий түрдө “чет өлкөлүк өкүл” деп атап, аларга кошумча көзөмөлдү күчөтөт, демократияны чектейт деп бул демилгени жергиликтүү жана эл аралык укук коргоо уюмдары кескин сындап жатышат. Алар бейөкмөт уюмдар ансыз да мамлекеттик органдарга бардык тийиштүү отчетун берип турарын, ишинин ачыктыгы толук камсыздалганын билдирип келишет.
Нарматова Юстиция министрлигине таянып билдиргенине караганда, Кыргызстанда 29 100 ар түрдүү коммерциялык эмес уюм каттоодон өткөн. (RK)