Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:42

АКШ Сенаты Украинага жардам камтылган мыйзам долбоорун жактырды


АКШ Конгресси.
АКШ Конгресси.

АКШ Конгрессинин демократтар үстөмдүк кылган жогорку палатасы – Сенат 13-февралда Украинага, Израилге жана Тайванга жалпысынан 95 миллиард долларлык каржылык жардам камтылган мыйзам долбоорун кабыл алды.

Долбоордун колдоо табышы үчүн кеминде 60 добуш зарыл болсо, бул мыйзамга 70 сенатор «макул» деп, 29у «каршы» деп добуш беришти. Макул болгондордун 22си республикачылар.

Эми документ Конгресстин республикачылар көпчүлүктү түзгөн Өкүлдөр палатасынын кароосуна жөнөтүлөт. Ал жакта бул мыйзам долбоору колдоо табарына шарт кыйла азыраак экени айтылып келет.

Демократ президент Жо Байден Украинага жана АКШнын Инд-Тынч океан аймагындагы өнөктөш өлкөлөрүнө жардам тууралуу мыйзамды колдоп берүүгө Конгрессти бир нече айдан бери үндөп келе жатат.

Украинанын бийлиги негизги союздашы АКШдан жардам токтосо соңку кезде чабуулдарын күчөткөн Орусияга туруштук берүүсү кыйындай турганын билдирген. Өлкө президенти Владимир Зеленский Сенаттагы бүгүнкү добуш берүүдөн кийин Украинага 61 миллиард доллар каралып жаткан мыйзамды кубаттай турганын билдирди.

Ал X (мурдагы Twitter) социалдык түйүнүнө: "Американын жардамы Украинаны татыктуу тынчтыкка жакындатат жана америкалыктардын да, бардык эркин дүйнөнүн да коопсуздугуна өбөлгө болуучу глобалдык туруктуулукту калыбына келтирет", - деп жазды. (RK)

XS
SM
MD
LG