Стубб: Хельсинки Москва менен байланышпайт

Алексндр Стубб.

Финляндиянын 11-февралда шайланган президенти Александр Стубб Хельсинки Украинадагы согуш бүткүчө Москва менен байланышпай турганын билдирди. Бул тууралуу ал 12-февралда маалымат жыйынында айтты.

"Орусияга карата саясат жөнөкөй эле. Дипломаттык жана расмий мамиле кала берет, бирок саясий деңгээлдеги мамиле болбойт", - деген сөзүн Yle телеканалы жазды.

Стубб Хельсинки Украинаны колдоону улантарын кошумчалап, мындан ары Финляндиянын тышкы жана коопсуздук саясаты НАТОго жана Евробиримдикке мүчөлүгүнө көз каранды экенин билдирди.

Финляндия НАТОго 2023-жылы кирген. Өлкө дээрлик 80 жыл бейтарап позицияны карманып келди.

Александр Стубб 11-февралда Финляндиянын президентин шайлоонун экинчи айлампасында 51,6% добуш менен утуп чыккан. Стубб буга чейин премьер-министр, тышкы иштер министри, финансы министри болуп иштеген.

Евробиримдик жана тышкы соода министри болгон.

Кремль Стуббду жеңиши менен куттуктаган жок. Орусия президенти Владимир Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков Финляндиянын шайланган президентинин билдирүүсүн "достук эмес мүнөздө" деп айтты. Москва Финляндиянын өзүн да "дос эмес" өлкөлөрдүн катарына кошкон.

Түндүк атлантика альянсына кошулуу чечимин Хельсинки Орусия Украинага кол салгандан кийинки коопсуздугун күчөтүү максаты менен түшүндүргөн.

Финляндия менен Орусиянын чек арасы 1300 чакырым. Өлкө НАТОго кошулгандан кийин Орусиянын альянс менен чек арасы эки эсеге көбөйгөн.

Дагы караңыз

Базар: Жеке менчикти ким коргойт? Кара-Балтада кишинин жиликтенген сөөгү табылдыПакистан: шайлоо жыйынтыгына нааразылар жол тородуДепутат сот кылып кыргыз тилин билгендерди дайындоону сунуштады"Азаттыктын" журналисттери Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлыкты жеңди