Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:21

Кара-Балтада кишинин жиликтенген сөөгү табылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

9-февралда кечке жуук Кара-Балта шаарындагы темир жолдун боюнан эркек кишинин жиликтенген сөөгү табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Чүй облустук милициясы билдиргендей, бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("Киши өлтүрүү") менен кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Жайыл райондук милициясынын тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерден белгисиз адамдын сөөгүнүн бөлүктөрү жана кийимдери табылганын билдирди.

"Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин негизинде маркумдун тек-жайы такталды, ал 4-январдан бери дайынсыз жоголуп издөөгө алынган Жайыл районунун 45 жаштагы тургуну Д.Э. экени аныкталды. Мындан тышкары бул кылмышка шектүүнүн да тек-жайы такталып, мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылган, Жайыл районунун тургуну 34 жаштагы С.А. кармалды", - деп жазылган маалыматта.

Милиция маалымдагандай, 2-январь күнү Д.Э. жана С.А. чогуу спирт ичимдигин ичип, чыр чыкан. Мушташта Д.Э. каза болуп калган. 4-январь күнү С.А. маркумдун сөөгүн жиликтеп, Кара-Балта шаарында темир жолдун боюндагы гараждардын артына ыргытып жиберген.

Тергөө иштери уланып жатат.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, 2023-жылы Кыргызстанда кылмыштуулук азайып, коомдук жайларда кылмыштардын саны 26% төмөндөгөн.(ZKo)

XS
SM
MD
LG