Ноокатта 15 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү табылды

ӨКМдин куткаруучулары жоголгон адамды издөө учурунда. Иллюстрациялык сүрөт.

8-декабрдан бери дайынсыз болуп жаткан 15 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү Ноокат районунун Чили-Сай участогунан табылды. Райондук милициянын ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барып, сөөккө соттук-медициналык экспертиза дайындады.

Ош облустук ички иштер башкармалыгы (ОИИБ) маалымдагандай, 15 жаштагы уулу 8-декабрда кечке жуук үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз жок болуп жатканын 9-декабрда милицияга анын атасы кабарлаган.

Милициянын маалыматына караганда, психикалык жактан жабыркаган өспүрүмдүн сөөгү аңдан табылган.

15-январда Бишкекте да аутизмден жабыркаган 5 жашар баланын сөөгү конуш четиндеги көлмөдөн табылган.

Аутизмден жабыркаган дагы бир адам 14-январда Аламүдүн капчыгайында дайынсыз жоголгон. ӨКМдин куткаруучулары, милиция кызматкерлери жана башка ыктыярчылардын дээрлик он күндөн ашык издөөсү натыйжа бербей, жыйынтыгында издөө токтотулган.(ZKo)

Дагы караңыз

Ак үй Трамптын НАТО тууралуу сөздөрүн айыптады"Чет элдик өкүл" мыйзам долбоору: Жапаров Блинкенге жооп берди Жалал-Абад: кооптуу аймактарда жашагандарга көчкү тууралуу эскертүү берилди“Уланбек Эгизбаевдин эмгегин чоңдор унутпаса дейм” Украинага "Шахеддер" менен жапырт сокку урулду