Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:19

Украинага "Шахеддер" менен жапырт сокку урулду


Харьковдогу соккудан кийин. Украина. 10-февраль, 2024-жыл
Харьковдогу соккудан кийин. Украина. 10-февраль, 2024-жыл

Украин Куралдуу күчтөрү 12-февралда кабарлагандай, акыркы суткада орус аскерлери 4 ракеталык жана 110 авиациялык сокку урду. Андан тышкары украин армиясынын позицияларын жана 130дан ашуун калктуу конушту аткылашты.

Маалыматка караганда, орус тарап дүйшөмбүгө караган түнү 17 “Шахед” дрондорун учурушту, анын 14ү атып түшүрүлдү.

Днепропетровск облусунун аскердик администрациясынын башчысы Сергей Лысактын айтымында, пилотсуз учактардын бири энергетикалык инфраструктурага тийгенде өрт тутанды, 40 миндей абонент электр энергиясыз, суусуз калды. Карапайым кишилер жабыркаган жок. Лысак башкарылган Х-59 авиаракетасы атып түшүрүлгөнүн кошумчалады.

Дрон чабуулдарына Хмельницкий, Винница, Кировоград, Николаев, Запорожье облустары да кабылды.

Донецк облусундагы бир шаарга С-300 ракеталары менен сокку урулганда 63 жаштагы аял жана анын өспүрүм неберелери жарадар болгонун Украинанын Башкы прокуратурасы билдирди. Жабыркагандардын бардыгы ооруканага жеткирилди. Бери дегенде 15 жер там зыян тартты жана электр зымдары үзүлүп калды.

Ишембиде Украинанын экинчи чоң шаары Харьковдо дрон соккусунан 7 карапайым тургун, анын ичинен 3 бала каза тапкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG