Жалал-Абад: кооптуу аймактарда жашагандарга көчкү тууралуу эскертүү берилди

Жалал-Абадда жер көчкү коркунучу бар жерде жашагандарга эскертүү берилди. 12-февраль, 2024-жыл. (ӨКМдин сүрөтү)

Облустун Сузак, Базар-Коргон райондорунда жана Жалал-Абад шаарынын айланасында жер көчкү коркунучу бар аймактарда жашаган үй-бүлөлөргө эскертүү берилип, коопсуз жакка көчүп кетүү сунушталды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Жалал-Абад облустук башкармалыгынын кызматкерлери көчүрүү комиссиясынын өкүлдөрү менен чогуу элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, кооптуу аймактан биротоло көчүүнүн зарылдыгын эскертишти.

ӨКМдин маалыматына караганда, Жалал-Абад облусунда 1074 үй-бүлө кооптуу аймакта жашайт, алардын басымдуу бөлүгү Сузак районунда жайгашкан.

Кыргызстанда жер көчкүлөрдүн 93% Ош жана Жалал-Абад облустарына тиешелүү. Бул аймактарда адам өлүмү менен коштолгон жер көчкүлөр бир нече жолу катталган.

2003-жылы Өзгөндө жер көчкү бир айылды басып калып, 40 адам набыт болгон. 2009-жылы Аксыда жүргөн жер көчкүдө Райкомол айылынын 16 тургуну набыт болгон, анын 11и балдар болчу.

2017-жылы жер көчкү Өзгөн районунун Зергер айыл аймагындагы Аюу-Сай айылында жети үйдү басып, 24 киши анын алдында калган. Беш күн бою жүргүзүлгөн издөө, казуу иштеринде сегиз кишинин сөөгү табылган. (ZKo)

Дагы караңыз

“Уланбек Эгизбаевдин эмгегин чоңдор унутпаса дейм” Украинага "Шахеддер" менен жапырт сокку урулду"Чет элдик өкүл" мыйзам долбоору: Жапаров Блинкенге жооп берди Шинжаң аймагы Кыргызстанга 100 миң доллар гуманитардык жардам беретБир аптада сасык тумоого чалдыккан 7 миңден ашуун киши катталды