Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:33

Шинжаң аймагы Кыргызстанга 100 миң доллар гуманитардык жардам берет


Бишкек ЖЭБи жарылуудан кийин. Февраль, 2024-жыл.
Бишкек ЖЭБи жарылуудан кийин. Февраль, 2024-жыл.

Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном аймагы жарылуудан жабыркаган Бишкек Жылуулук электр борборун калыбына келтирүү үчүн 100 миң долларлык гуманитардык жардам берет. Бул тууралуу 12-февралда Кытайдын элчиси Ду Дэвэнь Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев менен жолугушуу учурунда маалымдады.

Элчинин сөзүнө караганда, Бишкек жылуулук электр борборундагы жарылуудан кийин Шинжаң-Уйгур автоном аймагынын катчысы Ма Синжуй Бишкекке 100 миң долларды гуманитардык жардам катары жөнөттү.

"Бул сумма жакынкы аралыкта кыргыз тарап көрсөткөн эсепке элчилик тарабынан которулат", - деп жазылган Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги тараткан маалыматта.

Жолугушууда элчи Кытай менен Кыргызстан ынтымактуу кошуна гана эмес, ишеничтүү өнөктөш да экенин белгилеп, учурда эки тараптын кызматташтыгы жогорку деңгээлге чыкканын айтты.

Айбек Молдогазиев элчиге Кытай тараптын көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирип, Шинжаң-Уйгур автоном аймагынын бул жардамы эки элдин эзелки достук мамилесин далилдеп турганын айтты.

2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында Бишкек ЖЭБинде жарылуу болуп, электр энергиясын өндүргөн жана жылуулук берген отказандардын көбү өчүп калган. Натыйжада борбор калаада жылуулук берүү жана ысык суу берүү чектелген. Кырсыктын кесепеттерин жоюу иштери дароо башталып, дале уланууда.

Кырсыктан беш адам жабыркап, Бишкектеги "Тез жардам" борборуна түшкөн. Алардын экөөнүн абалы оор болгондуктан Түркияга дарыланууга жөнөтүлдү.

Кырсыкты изилдөө үчүн мекемелер аралык комиссия түзүлүп, аны Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жетектеп жатат. Башкы прокуратура окуя боюнча кылмыш ишин козгогон. Тергөөнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети жүргүзөт.

2017-жылкы модернизациядан кийин Бишкек жылуулук электр борборунун кубаттуулугу 812 МВаттка жеткени маалымдалган. Бир жыл өтпөй, 2018-жылы кыш чилдеде, Бишкек ЖЭБинде чоң авария болуп, калаа бир апта бою жылуулуксуз калган. Борбор ошондон бери мерчемделген кубаттуулукка чыга элек. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG