Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:39

Бир аптада сасык тумоого чалдыккан 7 миңден ашуун киши катталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өткөн аптада өлкө боюнча курч респиратордук вирустук инфекция жуктурган жана сасык тумоолоп калган 7 миң 216 учур катталды. Бул тууралуу 12-февралда Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.

Мындай көрсөткүч өткөн аптадагыдан 0,7% төмөндүгү, вирус жугузгандардын 68,8% 14 жашка чейинки балдар экени жазылган.

Өткөн аптада коронавирус жугузуп алган төрт киши аныкталган. Өлкө боюнча эпидемиологиялык абал туруктуу деп бааланууда.

Былтыр декабрда суук түшүп, Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна курч респиратордук вирустук инфекциялар, бронхит жана пневмония менен ооруган балдар көп кайрылган. Мындан улам Саламаттык сактоо министрлиги кошумча дарыгерлер, ординаторлор ишке тартылганын билдирген.

Мекеменин маалыматына караганда, декабрдын башында дээрлик алты миңдей адам сасык тумоого чалдыккан, алардын 67% 14 жашка чейинки балдар болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG