ТИМ аба ырайына байланыштуу Казакстанга жолго чыкпай турууну сунуштады

Казакстандын Ак-Сай шаарында бороон-чапкын маалында тартылган сүрөт. 7-февраль, 2024-жыл.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Казакстандын аймагында аба ырайынын начарлашына байланыштуу кыргыз жарандарын коңшу өлкөнүн түндүк региондоруна, ошондой эле Орусия Федерациясына автоунаа жолдору менен баруудан убактылуу баш тартып турууну сунуштады. Бул тууралуу мекеменин сайтында кабарланат.

Мекеме Казакстан сегментиндеги жалпыга маалымдоо каражаттарында таратылган маалыматка ылайык, жолдордун белгилүү участоктору боюнча кыймылга чектөө киргизилгенин тактайт. Буга байланыштуу коңшу өлкөнүн жолдорунун ар кайсы жерлеринде адамдардын жана автотранспорт техникасынын топтолушу байкалууда.

ТИМ Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тиешелүү түзүмдүк бөлүмү менен биргеликте коңшу өлкөнүн аймагында жолдо жүргөн кыргыз жарандарынын абалын көз салып турганын маалымдады.

Казакстанда дээрлик бир аптадан бери туруксуз аба ырайы катталып, көпчүлүк райондордо кар калың жаап, бороон-чапкын уланууда. Ага байланыштуу бир катар жолдор жабылып, тиешелүү органдар айдоочуларды коопсуз жерден ары өткөрбөй кармап отурушат. Бороондо жолдо калгандар тууралуу да маалыматтар чыгып жатат. (ErN)

Дагы караңыз

Калмыкиянын борборундагы жарылуудан бир адам каза болдуЖапаров Түркиянын Trendyol маркетплейсине Кыргызстанда филиал ачууну сунуштадыБишкекте өспүрүмдөр иштеген объектилер текшерилдиАзия Кубогу: Катар чемпион болдуКасым-Жомарт Токаевдин күзөт кызматын Роман Тореханов жетектейт