Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:52

Калмыкиянын борборундагы жарылуудан бир адам каза болду


Калмыкия Республикасынын борбору Элиста шаары. Иллюстрациялык сүрөт.
Калмыкия Республикасынын борбору Элиста шаары. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын субъектиси – Калмыкия Республикасынын борбору Элиста шаарында ишембинин кечинде болгон жарылуудан бир адам каза болуп, эки киши оор абалда ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Орусиянын Тергөө комитетинин Калмыкия боюнча башкармалыгы кабарлады.

Жарылуу көп кабаттуу үйдүн имаратында жайгашкан "Альтернатива" деп аталган окуу борборунда катталган. Турак жайдын тургундары эвакуацияланган.

Калмыкиянын башчысы Бату Хасикова өз билдирүүсүндө жарылууну “тарсылдак” (назвал "хлопком") деп атаган.

Баштапкы маалыматтарга караганда, борборго келген киши менен анын кызматкерлеринин ортосунда жаңжал чыккан. Ал белгисиз жарылуучу затты жардырып, натыйжада өзү каза болгон. Маркум психоневрологииялык диспансерде каттоодо турганы айтылды.

"Альтернатива" жаңжалдарды, талаш-тартыштарды чечүүгө жана психологдорду окутууга адистешкен борбор болгону кабарланды.

Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө уланууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG