Жапаров Түркиянын Trendyol маркетплейсине Кыргызстанда филиал ачууну сунуштады

Акылбек Жапаров Trendyol маркетплейсинин кампасында. Анкара, Түркия.

Министрлер кабинетинин төрагасы – Президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров Анкарага жасаган расмий сапарынын алкагында Түркиянын электрондук коммерция боюнча “Trendyol” логистикалык борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу Кыргыз өкмөтүнүн сайты кабарлады.

Анын жүрүшүндө “Trendyol” компаниясынын жетекчилиги Кыргызстандын 50 миңге жакын жараны алардын маркетплейсинин тиркемесин уюлдук телефонуна жүктөгөнүн, ошол себептүү ар тараптуу кызматташууга кызыкдар экенин билдиришти.

Акылбек Жапаров мындан соң Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрине “Trendyol” логистикалык борборунун өкүлчүлүгүн Кыргызстандын Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагына ачууну карап чыгуу тапшырмасын берди.

“Trendyol” Түркиядагы эң ири онлайн соода жүргүзгөн компания. Алардын аянтчасында 18 млн товардын түрү бар. Маркетплейс күнүнө дүйнөнүн 30 миллиондон ашуун сатып алуучуларын тейлейт. Маалыматтарда айтылгандай, Кытайдын “Alibaba” компаниясы “Trendyol” компаниясынын 86% акциясына ээ.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Анкарага 9-февралда барып, ал жакта эки-үч күн жүрдү. Расмий сапардын алкагында ал Соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиянын 11-жыйынына жана кыргыз-түрк бизнес форумуна катышып, Түркиянын расмий өкүлдөрү менен жолукту. Андан соң бир катар ишканалардын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Кыргызстанда дүйнөлүк онлайн соода аянтчалары, же маркетплейстер аркылуу товар алып-сатуу соңку жылдары кескин жанданган. Өлкөдө чет элдик америкалык Amazon, Etsy, eBay, кытайлык Alibaba, AliExpress, JD.com, Taobao, Pinduoduo, түркиялык Trendyol жана орусиялык Wildberries, Ozon, “Яндекс.Маркет” маркетплейстери колдонулуп келет. (ErN)

Дагы караңыз

Бишкекте өспүрүмдөр иштеген объектилер текшерилдиАзия Кубогу: Катар чемпион болдуКасым-Жомарт Токаевдин күзөт кызматын Роман Тореханов жетектейтMoody’s Израилдин насыялык рейтингин бир баскычка төмөндөттүЖыл башынан бери 2 438 адамга кызамык жукту