Европада фермерлер нааразылык акциясына чыгышты

Польшалык фермерлердин Украина менен чек арадагы акциясы. 9-февраль, 2024-жыл

Евробиримдиктин айыл чарба саясатына каршылыгын билдирген Италия, Испания жана Польшанын фермерлери 9-февралда жапырт демонстрацияга чыгышты. Алар нааразылыгы улана берерин айтышууда.

Фермерлер бир нече жумадан бери Евробиримдикке мүчө эмес өлкөлөрдүн "адилетсиз атаандаштыгына" каршы чара көрүүнү талап кылып келе жатышат. Дыйкандар биримдик көздөп жаткан "жашыл курстун" алкагында алардын зыяндуу кошулмаларды азайтуу менен алынган түшүмдөрү башка жактардан, мисалы Украинадан алып кирилген жашылча-жемиш, азыктардан кыйла кымбатка туруп жатканын билдиришүүдө. Бул жергиликтүү өнүмдөрдүн өтпөй, мээнет акталбай калышына алып келип жатканын айтып жатышат.

Польшада миңдей трактор жалпы өлкөнү кыдырып, негизги жолдорду жана Украина менен чек ара бекеттерин бөгөп турду. Познань шаарында нааразылыкка чыккандар польшалык айыл чарбасынын жок болушун символдоштурган табыт коюп, Евробиримдиктин желегин кыкка сайып коюшту.

Өлкө бийлигинин өкүлдөрү айыл чарба министрин кызматтан кетүүгө үндөштү. Ал "кысымга жол бербесин" айтып, жооп кылды.

Италияда тракторлор Римге багыт алып, тарыхый борбор Колизей аркылуу полициянын коштоосунда өтүштү. Испанияда тракторлор бир катар шаарлардын жана айылдардын көчөлөрүн тороп турушту. Айрымдары Мадридге чыгууну сунуш кылышты. Испан полициясы нааразылыкка чыккан 20дай фермерди кармады.

Еврокомиссия фермерлердин талабына жооп кылып, пестицид жана башка кооптуу кошулмаларды колдонууну эки эсе азайтуу планын кийинкиге калтырды. Айрым өлкөлөрдүн бийликтери фермерлерди колдоочу чараларды кабыл алышты.

Бирок буга алымсынбаган фермерлер жакынкы аралыкта нааразылык акцияларын улантышарын айтышууда.

Дагы караңыз

"Чек арасыз кабарчылар" уюму Kloop Медианын жабылышын сынга алдыСадыр Жапаров Бириккен Араб Эмираттарына иш сапар менен барат"Уулдарымдан үч жылдан бери дайын жок..." Шинжаңда камалган казактар«Сизге виза берилбейт». Эмне үчүн кыргызстандыктарга Европага виза алуу оор? Харьковдо Орусиянын дрон чабуулунан жети адам мерт кетти