Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:38

"Уулдарымдан үч жылдан бери дайын жок..." Шинжаңда камалган казактар


Акцияга чыккандар. 2024-жылдын 8-февралы.
Акцияга чыккандар. 2024-жылдын 8-февралы.

Казакстандын Алматы шаарында Кытай консулдугунун алдында бул өлкөнүн Шинжаң Уйгур автоном районунда (ШУАР) камакта отурган этностук казактарды бошотуу талабы коюлган кезектеги акция өттү.

Казакстанда жакындары Кытайдын түрмөлөрүндө отурган бир нече жаран 8-февралда Алматы шаарындагы кытай консулдугунун алдына кайрадан чогулуп, нааразылык акциясын өткөрүштү. Үч жылдан бери алар ушул жерге улам жыйналып, Кытайдын Шинжаң Уйгур автоном районунда (ШУАР) камалган жакындарын абактан бошотууну талап кылып келишет. Бирок бул жолу да талаптары жоопсуз калды, полиция аларды консулдуктун имаратына жолоткон жок.

«Балдарымды бир көрүп өлсөм арманым жок эле. Мага жол бериңиздер», - деген Алматынын 68 жаштагы тургуну Халида Акытхан консулдуктан эч ким чыкпай, үнүн укпай койгонуна зээни кейип, кан басымы жогорулап, эстен танып жыгылды.

Мусулманчылыкты карманганы үчүн гана Кытай бийлиги бир уулун 22 жылга, дагы бир уулун 10 жылга эркинен ажыратканын айткан эне “Тез жардам” келип, догдурлар жардам бергенде гана өзүнө келди.

«Адамды сабап жаткан жерибиз жок. Барышыбыз керек го. Үч жыл болду жооп издеп, балдарыбызды издеп чыгып жатканыбызга. Үч жылдан бери эч кандай жооп жок. Балдарым, келиндерим тууралуу эч кандай маалымат ала албай жатам», - деди ал «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун казак кызматына.

Акциянын дагы бир катышуучусу Жети-Суу облусунун тургуну Гүлбарам Өмүралы 2018-жылдан бери жакындарынын укугун коргоп, арызданып келе жатканын айтууда:

«Бир тууганымдын уулу Айболат Азаматты эч күнөөсү жок болсо да Кытай мыйзамсыз кармап турат. Азыр андан таптакыр кабарыбыз жок. Өлгөнбү, тирүүбү, оорубу?...».

Радионун кабарчысы Кытай консулдугунан бул акция боюнча комментарий алууга аракет кылды. Бирок «күтө тургула» дегенден башка эч жооп болгон жок.

Жергиликтүү полиция бул жолку акцияны да мыйзамсыз деп атап, чогулгандарды тарап кетүүгө чакырды, тарабаса жоопко тартыларын эскертти.

«Казакстан Республикасынын тынч жыйындарды уюштуруу, өткөрүү тууралуу мыйзамынын талаптарына ылайык, бул тууралуу жергиликтүү аткаруу органдарын кабардар кылышыңыздар керек болчу. Сиздерден андай кабарлама түшпөгөндүктөн, азыркы иш-аракетиңиздер мыйзамга каршы деп эсептелет. Мыйзамсыз ишке барган жарандар, аны уюштургандар административдик жоопкерчиликке тартыларын эскертем. Ошондуктан таркап кетүүңүздөрдү талап кылабыз», - деди Медеу райондук ички иштер бөлүмүнүн өкүлү Рита Ерманова.

Кытайдын Казакстандагы элчилиги Шинжаңда камалган казак улутундагы тургундар Кытай жараны экенин жана алар кытайлык мыйзамдарды бузганы үчүн абакта отурганын билдирген.

Үч жыл мурда Шинжаңдагы жакындарын бошотуу талабын койгондор алгач 15 адам болчу. Андан бери кеминде үч адам бошотулуп, Казакстанга кайтарылды. Ошону менен алар акцияга чыгуусун токтотушкан.

Нааразылыгын айтып чыккан казакстандыктар алардын Шинжаңдагы жакындары Бээжиндин бул автоном райондогу туруктуу жашаган түрк тилдүү мусулман тургундарга каршы саясий куугунтугунун курмандыгы болуп калганын айтып келишет.

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) баштаган бир катар ири эл аралык уюмдар 2017-жылдан бери Шинжаңда бир миллиондон ашуун уйгур, казак, кыргыз жана башка түпкүлүктүү калктын өкүлү саясий лагерлерге камалып, басымга кабылганын билдиришкен. АКШнын Мамлекеттик департаменти алардын саны эки миллионго чукул экенин маалымдаган.

Расмий Бээжин мындай лагерлерди «кесипке үйрөтүү борбору» деп атап, өлкөдө саясий куугунтук жок экенин айтууда.

Шинжаңда 47 улуттун өкүлү жашайт, алардын жарымы уйгур, казак, кыргыз, өзбек сыяктуу түрк тилдүү мусулмандар.

Атайын лагерге камалгандар арасында кыргыз улутундагылар да бар. 2018-жылы декабрда Бишкекте "Кыргыз чоролору" деп аталган коомдук бирикменин активисттери Кытайдын элчилигинин алдына акцияга чыгып, Шинжаң аймагында "тарбиялоочу лагерлердеги" ар бир кыргыздын камалган себебин ачык айтууну суранып, элчиликке кат тапшырган.

Кытайлык кыргыз, Шинжаңдагы Кызыл-Суу автоном облусунда туулуп-өскөн, акыркы 11 жылдан бери Бишкекте жашаган, 2014-жылы кыргыз жарандыгын алган Багымдын (жеке коопсуздугунан улам аты-жөнү өзгөртүлдү) ата-энеси, агасы жана эки сиңдиси Кытайда калган. Бээжин “тарбиялоочу лагер” деп сыпаттаган жайга алгач анын агасы, кийин атасы камалган. Андан соң апасын үйдөн чачын кырып, кара баштык кийгизип алып кетишкенин уккан.

Багымдын жакын туугандарынын биринин (жээнинин) дагы үй-бүлөсүнөн 10 киши лагерге камалган. Жээни апасына жолукканы Кытайга барып, бир ай лагерде жатып чыккан. Ошондо ал Багымдын апасын лагерден көрүп, бирок сүйлөшө албаганын кайра келгенде айтып берген.

"Азаттык" 2023-жылы сентябрь айында эл аралык "Хьюман Райтс Вотч" укук коргоо уюмунун Азия программасынын директору, Шинжаң боюнча адис Майя Ванг айымды кепке тартып, аймактагы кырдаалды сураганда, ал «бул Кытай бийлигинин өлкөдөгү ханзу эмес этностук топтордун, башка динди тутунган калктын укуктарын кандайча басмырлап жатканынын айкын мисалы» деп айткан.

Бээжиндин дин жаатындагы азыркы саясаты мурдагыдан алда канча катаалдашканын белгилеген адис Шинжаңда кармалгандардын көбү имамдар экенин, Бээжин дин аркылуу Компартияга сый-урмат, Кытай мамлекетин сүйүү сезимин өрчүтүп, динди бир улутту улуу мамлекетке кызмат кылуунун куралына айлантып жатканын кошумчалаган.

Шинжаң.
Шинжаң.

1-февралдан тартып Шинжаңда бул аймактагы мусулмандардын жүрүм-турумун көзөмөлгө ала турган атайын жобо иштей баштады. Документке ылайык, мындан ары мечит куруп, ажылык сапарга барып, диний билим алам дегендердин баары жергиликтүү бийликтен уруксат алууга милдеттүү болот. Жаңы жобо чөнтөк телефондо же компьютерде диний мазмундагы файлдарды сактоого тыюу салат. Эксперттердин пикиринде, расмий Бээжин мындай жаңы эреже менен Шинжаңдагы адам укуктарынын бузулушун мыйзамдаштыруу аракетин көрүүдө.

XS
SM
MD
LG